Салайдин Авазов Жалал-Абад шаарынын мэри кызматынан бошотулду
Салайдин Авазов берген арызынын негизинде Жалал-Абад шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 25-майда кол койду.
Авазов "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамдын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык иштен бошотулду. Аталган пунктка ылайык, шаар мэри өзүнүн арызы менен кызматтан бошотулат.
Салайдин Авазов КСДП мүчөсү. Ал Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу айыпталып, быйыл 17-апрелде камалган.
Ал "Электр станциялары" ишканасын 2012-2014-жылдары жетектеген.
Жылуулук электр борборундагы жемкорлук ушул күнгө чейин иликтенүүдө. (SE)