Тарых музейин оңдоп-түзөөгө бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн
Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын көчмө жыйыны учурунда каржы министринин орун басары Улугбек Карымшаков кабарлады.
- Өткөн жылы 9-июнунда Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесинен акча каражаты бөлүнгөн. Биринчи баскычында 700 миллион сом каралган болчу. Өкмөттүн чечими Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитети менен макулдашылган. Август айында кошумча 869 миллион 400 миң сом суммасындагы каражат бөлүнгөн. Жалпысынан музейди реконструкциялоого, экспонаттарды жана эмеректерди сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 569,4 миллион сом сапталган.
Бүгүн "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Тарых музейинде көчмө жыйын өткөрүүдө. Анда музейди оңдоп-түзөө иштерине кеткен каражат маселеси талкууланууда. (KR)