Путин менен Макрон Украина жана Иран маселелерин талкуулашты
![Путин менен Макрон Украина жана Иран маселелерин талкуулашты](https://gdb.rferl.org/7219DC6E-3F13-4044-9458-977CDEB67ECA_w800_h450.jpg)
Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен орус лидери Владимир Путин Петербургдагы эл аралык экономикалык форумдун алкагында жолугушту. Анда алар киберкылмыштуулук жана Украинанын түштүк-чыгышындагы конфликтти жөнгө салуу боюнча Минск келишиминин аткарылышын талкуулашты.
Президенттер кездешүүдө ошондой эле Орусияда соттолгон режиссерлор украиналык Олег Сенцов менен орусиялык Кирилл Серебренниковдун маселеси тууралуу да сөз кылышты.
- Биз сүйлөөшүүбүздө адам укуктары темасын кеп кылдык. Анын ичинде Сенцов, Серебренников жана башка көптөгөн маселелер каралды. Мен Путинге бул эки маселе биздин өлкөдөгү интеллектуалдык элитаны кыжаалат кылып жатканын айттым,-деди жолугушуудан кийинки брифингде Макрон.
Владимир Путин француз журналистинин суроосуна жооп берип жатып Орусияда 20 жылга кесилген украин режиссеру Олег Сенцов “теракт уюштурууга айыпталып камалганын” айтты. Ал ошондой эле Украинада камалган орусиялык Кирилл Вышинский жөнүндө да эске салды.
Үч сааттан ашык убакытка созулган жолугушууда АКШнын Иран менен өзөктүк курал келишиминен чыгуусу да талкууланды. Макрон бул боюнча чырды чечүүгө бардык аймактардагы державалар катышуусу керектигин белгиледи.
Эки мамлекеттин башчылары кездешүүнүн соңунда маданий мурас жана атомдук энергияны тынчтык максатта колдонуу боюнча макулдашууларга кол коюшту. Макрондун сөзүнө караганда, Москва менен Париж эл аралык мамилелерге көп тараптуу көңүл бурууну сактап калышы керек. (ErN)