Түндүк Корея: Трамптын Ким менен жолугушуудан баш тартышы “жосунсуз жорук"
![Түндүк Корея: Трамптын Ким менен жолугушуудан баш тартышы “жосунсуз жорук](https://gdb.rferl.org/BC328803-FE67-4D04-9214-2BD319AE944F_cx0_cy10_cw0_w800_h450.jpg)
Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Ён Хо АКШ президенти Дональд Трамптын Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен 12-июнга белгиленген жолугушуусунан баш тартуусун “жосунсуз кадам” катары баалады. Өзүнүн “Твиттердеги” баракчасында ал Ким Чен Ынга болгон “ачык кат” жана аны жөнөтүү ыкмасын “таптакыр сыйлабастык” деп атады.
“Түндүк Корея өзүнүн ак ниеттүүлүгүн көрсөтүүгө, анын ичинде бул аптада Пунгеридеги өзөктүк курал полигонун бузууга болгон күч аракетин аябады”,- деп жазды Ли Ён Хо.
Бейшемби күнү кечинде АКШ президенти Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга ачык кат жолдоп, Түндүк Корея тараптан байкалган “эбегейсиз кыжырдануудан жана ачык кастыктан” улам узактан бери күтүлгөн жолугушууну азыркы тушта өткөрүүнү орунсуз деп тапканын белгилеген.
АКШ жана Түндүк Корея лидерлеринин саммити буга чейин 12-июнда Сингапурда өтөрү айтылган. (ErN)