Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынды
![Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алынды](https://gdb.rferl.org/3D9D4825-C270-4173-A28E-A1F7A5420C12_cx0_cy6_cw0_w800_h450.jpg)
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун мүлкү камакка алдынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди:
- Буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында Кулматовдун мүлкү камакка алынды. Тергөө уланып жатат.
Атайын кызмат кандай мүлк камакка алынганы тууралуу кошумча маалымат бере элек.
18-майда Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып тагылган.
Тергөө маалыматтарына караганда, ал 2014-жылы калаанын башчысы болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Жылуулук электр борборуна жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар экени айтылууда.
Кулматов өзүнө тагылган айыпка макул эместигин билдирген. (SE)