Ат-Башыда калың карда жоголгон 600дөй кой-эчки изделүүдө
Калың кардан улам Нарындын Ат-Башы районунда жоголгон 600дөй кой-эчки изделип жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 23-майда райондун Аксай өрөөнүндөгү Үч-Эмчек жайлоосуна калың кар түшүп, бир чабандын 800 баш кой-эчкисинин дайыны чыкпай калган. Эртеси анын 200ү табылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмү, жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Кечээ Ысык-Көл районуна калың кар түшүп, миңден ашуун кой кырылып калды. (SE)