Иракта "ИМге" кошулган тажик аялдарга сот өкүмү чыгат
Ирактын соту жакынкы күндөрү Тажикстандын 13 жаранына өкүмүн чыгарат. Алардын бардыгы "Ислам мамлекети" радикал уюму менен байланышта болгон деп айыпталууда. "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлагандай, 27-майда Багдад соту төрт аялга өкүм чыгарат деп күтүлүүдө. Айыпталгандардын баары 19-25 жаштагы кыз-келиндер. Буга чейин Багдад соту төрт тажик аялды ушундай эле кине менен өмүр бою эркинен ажыраткан.
Тажик бийлиги бул маалыматтан кабардар экенин, бирок расмий Багдад ушул күнгө чейин алардын расмий каттарына жооп бербей жатканын билдирди.
Тажик жарандары Сирия жана Ирактагы "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмуна 2013-жылдан тарта кошула башташкан. Алардын расмий саны миңден ашкан, 400гө жакыны аялдар. Террордук топ жок кылынгандан кийин миңдеген аялдар камакка алынган. Алар учурда Багдаддагы лагерлерде кармалып жатышат. Буга чейин кармалып, соттолуп жаткандардын арасында кыргызстандык кыз-келиндер да бар экени айтылган.