Дональд Лу АКШнын Кыргызстандагы элчилигине көрсөтүлдү
Дональд Лу АКШнын Кыргызстандагы элчилигине АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан көрсөтүлдү. Бул тууралуу маалымат Ак үйдүн расмий баракчасына жарыяланды. Бул маалыматты АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да ырастады.
Мыйзамга ылайык анын талапкерлигин эми АКШ Конгресси жактырышы керек.
АКШнын Мамлекеттик департаментинде 25 жылдан ашык кызмат кылып келген 52 жаштагы Дональд Лу АКШнын Албаниядагы элчиси болуп 2014-жылы 17-декабрда дайындалган. Ал буга чейин Кыргызстанда, Азербайжанда жана Индияда элчинин орун басары болуп иштеп келген. (KR)