"Медиа өнүктүрүү борбору": Шайлоо бир тараптуу чагылдырылган
Бишкекте журналисттердин республикалык конференциясы өтүп жатат. Анда маалымат каражаттарынын шайлоодогу ишмердиги да талкууга алынууда. Иш-чараны уюштурган "Медиа өнүктүрүү борбору" бейөкмөт уюму 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоо өнөктүгүн чагылдыруу тууралуу мониторингдин жыйынтыгын жарыялады.
10-сентябрдан 15-октябрга чейинки үгүт учурунда 11 телерадио, 9 интернет басылма, 70тей гезитке байкоо салынган. Уюмдун иликтөөсүндө, шайлоону чагылдырууда кыргыз медиасында бир тараптуулук көп байкалганы жазылган.
Жалпы талапкерлердин арасында эң көп маалымат (14%) Сооронбай Жээнбеков тууралуу берилген. Андан кийинки орунда Өмүрбек Бабанов (6,6%) турат.
Жээнбеков тууралуу маалыматтардын 89%, Бабанов жөнүндөгү кабарлардын 11% позитивдүү болгону айтылат. Ошондой эле телеканалдарда жарнама материал өзүнчө бөлүп көрсөтүлбөгөнү эске салынган. Иликтөөнүн жыйынтыгына караганда, КТРК менен НТС көп мыйзам бузган. КТРК Жээнбековдун, НТС Бабановдун пайдасына иштегени даана көрүнүп турган. Интернет басылмалар арасында kabar.kg сайты бийлик партиясынын талапкерин колдоору байкалган.
Кыргыз медиасында журналисттик этиканы жана шайлоо мыйзамын одоно бузган 101 учур катталган. Анын 23ү аноним автордун макаласы. Телеканалдардагы чектен чыккан тең салмаксыз баяндарды НТС 49 жолу, 5-канал 41 жолу, 7-канал 23 жолу, КТРК 14 жолу ободон кетиргени баяндалат "Медиа өнүктүрүү борбору" жүргүзгөн иликтөөдө.
Журналисттердин бүгүнкү республикалык конференциясына жүздөй адам катышууда. Алардын арасында президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева жана БШК мүчөлөрү да бар. (SE)