Европа киноакадемиясы Орусияны Сенцовду бошотууга чакырды
Европа киноакадемиясы Орусияда "теракт уюштурууга аракеттенген" деген айып менен соттолгон украиналык режиссер Олег Сенцовду бошотууга орус бийлигин чакырды.
Кайрылуу киноакадемиянын сайтында жарыяланды. Анда европалык актерлер, режиссер, продюсерлер Сенцовдун саламаттыгына тынчсыздануу билдиришкен. Аны токтоосуз жана эч кандай шартсыз кое берүүнү талап кылышкан. Кайрылууга Кшиштоф Занусси, Вим Виндерс, Стивен Долдри, Бертран Тавернье сыяктуу белгилүү режиссерлор кол коюшкан.
Европа киноакадемиясынын мүчөлөрү Сенцовду камактан чыгаруу талабы менен 2014-жылы да кайрылышкан.
Сенцов 14-майда Орусиянын абактарындагы украиналык саясий туткундардын баарын бошотуу талабы менен мөөнөтсүз ачкачылык кармай баштаган.
Ал Орусия аннексиялап алган Крымда 2014-жылы кармалган. 2015-жылдын августунда Орусиянын соту аны Крым жарым аралында "теракт даярдоого күнөлүү" деп таап, 20 жылга эркинен ажыраткан.