Тогуз-Торо районунун акими болуп Айбек Кожошев дайындалды
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 26-майда кол койгон буйрукка ылайык, Айбек Кожошев Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими болуп дайындалды.
Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Айбек Кожошев буга чейин Тогуз-Тородо акимдин орун басары болуп эмгектенчү.
Ал эми районду Тилек Идирисов жетектеп келген.