Акыйкатчы Карганбек Самаковду актоону өтүндү
Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев президент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаевага жана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго экс-депутат Карганбек Самаковдун иши боюнча кайрылуу жолдоду.
Анда акыйкатчынын өкүлдөрү Самаковдун үч жылга созулган соттук териштирүүлөрүнө катышып, анализ жасашканы, натыйжада иш негизсиз козголгону, анын күнөөсү жоктугу далилденгени айтылат.
Оторбаев жерди трансформациялоонун өзүн кылмыш деп кароо мүмкүн эмес экенин, сотто келтирилген зыян да, жапа тарткан тарап да аныкталбаганын белгилейт. Мындан сырткары тергөөдө кемчиликтер көп болгону, далилдердин солгундугу жана бурмалоо болгону айтылат. Кайрылууда күбөлөр коркутууга кабылганы да белгиленген.
Ушуларды эске алуу менен Кубат Оторбаев кезектеги сот отурумунда Карганбек Самаковду толук актоону өтүнөт. Самаков менен бирге Кубанычбек Самаков, Урмат Нурдинов, Эрнис Койчуманов, Аликбай Сариев, Абай Таштанбековго карата дагы акыйкаттык, мыйзамдуулук орнотууну, абактан чыгарууну суранат.
"Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган" деп айыпталган Самаковду былтыр 19-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү ("Кылмышка шериктеш болуу") жана 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыраткан. Аны менен кошо уулу жана төрт санаалашы да сегиз жылга кесилген. Бул кылмыш иши боюнча экс-премьер-министр, депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге айыппул салынган.
Самаков 2015-жылдан бери үй камагында жатканын эске алып жана мунапыстарга ылайык абак мөөнөтү үч жылга чейин кыскартылып, натыйжада ал сот залынан камакка алынган. Айыпталуучу тарап чечимге макул болбой шаардык сотко даттанган. Самаковдун иши Бишкек шаардын сотунда 1-июнда каралат. (ErN)