Ошто базарда иштегендер митингге чыгышты
![Ошто базарда иштегендер митингге чыгышты](https://gdb.rferl.org/613DCFB4-93E3-4426-AFE0-A55D329C1E4B_w800_h450.jpg)
Ош шаарынын борбордук базарынын 100дөй соодагери калаа мэриясынын алдына митингге чыкты. Алар мэриянын базардын кире бериш жагындагы контейнерлерди бузуу демилгесине каршы чыгууда.
Чогулгандар менен мэриянын аппарат башчысы Алмазбек Осмонов жолугушуп, шаар бийлиги бул чарага өрт кырсыктарын алдын алуу үчүн барып жатканын түшүндүрдү.
29-майда Ош шаарынын борбордук базарында соода контейнерлеринин биринен өрт чыгып, коңшулаш соода жайларын каптаган. Натыйжада бир нече соода жайы күйүп кеткен. Буга байланыштуу калаа жетекчилиги базарды иретке келтирүү иштерин баштаган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бул факт боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Буга чейин Ош шаарынын борбордук базарын толугу менен бузуп, башка жакка көчүрүү тууралуу демилгелер мэриянын деңгээлинде байма-бай айтылып келген. (ErN\YI)