Украин премьери: Бабченконун өлтүрүлүшүнө Орусия жоопкер
![Украин премьери: Бабченконун өлтүрүлүшүнө Орусия жоопкер](https://gdb.rferl.org/B8C6A196-FC66-4511-B8C4-430F2F2F5A99_w800_h450.jpg)
Украинанын премьер-министри Владимир Гройсман орусиялык журналист Аркадий Бабченконун Киевде өлтүрүлүшү үчүн Орусия жоопкер деп эсептейт. Украин өкмөт башчысынын пикиринде, Москва журналисттин “чынчылдыгын жана принципиалдуулугун” кечирген жок.
“Украинанын чыныгы досу дүйнөгө Орусиянын агрессиясы тууралуу чындыкты айтып турган”,- деп жазды Гройсман өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына.
"Бабченконун өлтүрүлүшүнүн артында Кремль турат" деген жоромолун мурдараак Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин да билдирген.
Өз кезегинде Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Аркадий Бабченконун жакындары менен туугандарына көңүл айтып, бирок бул кандуу окуяны Украинадагы “жапырт жазасыздык” маанайы менен байланыштырды.
Бабченко кечээ кечинде Киевдеги үйүнүн кире беришинде атып өлтүрүлгөн. Анын жонуна үч ирет ок тийип, ооруканага алып бара жатышканда тез жардам унаасынын ичинде каза тапкан.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин “Атайылап киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Киевдин полициясы журналисттин өлтүрүлүшүн эки себептен: кесиптик ишмердиктен жана жарандык позициясынан көрүп жатат.
Бабченконун өлтүрүлүшү боюнча Орусиянын Тергөө комитети да кылмыш ишин козгоду.
Аркадий Бабченко Орусиядан Украинага былтыр кетип, мунун себебин Кремлди сындаганы үчүн коркутууга кабылып жатканы менен түшүндүргөн.