Лавров Украинанын Бабченко боюнча айыптоосун четке какты
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "орусиялык журналист Аркадий Бабченконун Киевде окко учушу үчүн Москва жооптуу" деген билдирүүлөрдү четке какты.
“Украинанын премьер-министри муну Орусиянын атайын кызматтары жасаганын айтып жатат, иликтөө иштери али баштала элек. Эл аралык иштерди алып баруунун мындай модасы өтө өкүнүчтүү”, - деди Лавров бүгүн Москвадагы басма сөз жыйынында.
Ал эми Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБН) башчысы Александр Бортников украин тараптын “Бабченкону өлтүрүүнүн артында Орусия турат” деген айыптоосун “чагым“ жана “нонсенс” деп атаганын “Интерфакс” кабарлады.
Мурдараак Украинанын премьер-министри Владимир Гройсман орусиялык журналист Аркадий Бабченконун Киевде өлтүрүлүшү үчүн Орусия жооптуу деп эсептеген. Украин өкмөт башчысынын пикиринде, Москвада журналисттин “чынчылдыгын жана принципиалдуулугун” кечиришкен жок.
“Украинанын чыныгы досу дүйнөгө Орусиянын агрессиясы тууралуу чындыкты айтып турган”, деп жазды Гройсман өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына.
"Бабченконун өлтүрүлүшнн артында Кремль турат" деген пикирин мурдараак Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин да билдирген.
Бабченко кечээ кечинде Киевдеги үйүнүн кире беришинде атып өлтүрүлгөн. Анын жонуна үч ок тийип, ооруканага алып бара жатышканда "Тез жардам" унаасынын ичинде жан берген.
Украинанын Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин “Атайылап киши өлтүрүү” беренеси менен иш козгоду. Киевдин полициясы журналисттин өлтүрүлүшүн эки себептен: кесиптик ишмердигинен жана жарандык позициясынан көрүп жатат.
Бабченконун өлтүрүлүшү боюнча Орусиянын Тергөө комитети да кылмыш ишин козгоду.
Аркадий Бабченко Орусиядан Украинага былтыр кетип, мунун себебин Кремлди сындаганы үчүн коркутууга кабылып жатканы менен түшүндүргөн. (UE)