Орусия Байкоңурдан аскерлерин алып кетиши мүмкүн
Бул тууралуу бүгүн Астанада өкмөттүк жыйындан кийин Казакстандын коргонуу жана аэрокосмос өнөр жайы боюнча министри Бейбут Атамкулов билдирди.
Ага чейин Орусиянын ММКсы өз булактарына таянуу менен "Байкоңур" космодрому жыл аягына чейин жарандык объектиге айланарын, ал жакка жөнөтүлгөн аскер кызматчыларына армиядан кетип, жарандык адис макамында калуу сунушталарын кабарлаган.
Казак министринин айтымында, Астана менен Москванын ортосунда космодромду жарандык обьектиге айландыруу боюнча сүйлөшүүлөр баштала элек, бирок бул багытта иш жүрүп жатат.
Бейбут Атамкулов кошумчалагандай, Байкоңурдун жака-белинде 76 миңдей киши жашайт. Космодромдо жашыруун аскердик объектилер болгондуктан ал жерде инфраструктуралык жумуштарды аткаруу мүмкүн эмес.
"Байкоңур" космодрому Кызылордо облусунун аймагында жайгашкан. 1991-жылы СССР тарагандан бери Орусия аны Казакстандан ижарага алып, пайдаланып келет. (UE)