Кабулда ИИМ имаратына коюлган чабуулдун мизи кайтарылды
Расмий өкүлдөр билдиргендей, атышуу алдында Ооганстандын Ички иштер министрлигинин имараты жайгашкан аймактагы биринчи көзөмөл бекетте бомба жарылган.
ИИМдин өкүлү Дауд Аминдин айтымында, коопсуздук күчтөрү жалпысынан үч жанкечтини, дагы жети согушкерди жок кылды. Ал эми полиция тараптан бирөө мерт болуп, башка беш киши жарадар болгон. Кабулдагы бул чабуул үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Мунун алдында бүгүн Логар провинциясында жанкечтилердин тобу полиция бекетине кол салган эле.
Логар провинциясынын борбору Пол-и-Алам шаарындагы чабуул үчүн "Талибан" жооптуу экенин анын өкүлү Забихулла Мужахиддин ырастады.
Жанкечтилердин жардыруусунан үч полиция кызматкери курман болгондон тышкары дагы 12 киши, анын ичинде сегиз жайкын тургун жарадар болгон.
Ооган полициясынын маалыматына караганда, адегенде жанкечтилердин бири жардыруучу затка шыкалган унааны полиция кеңсесине жакын жерде жардырган. Ал эми үч жанкечти ал жакка кирүүгө аракеттенгенде коопсуздук күчтөрү аларды атып өлтүрдү. Жардыруудан айланадагы бир нече үй да талкаланган.
"Талибан" быйыл апрелде жазгы чабуулу башталганын жарыялагандан бери ооган коопсуздук күчтөрүнө жана өкмөт өкүлдөрүнө каршы кол салууларын күчөттү. Кол салууларды “Ислам мамлекети” террордук тобу дагы жүргүзүүдө. (UE)