Кыргызстандык зыяратчылардын акыркы тобу ажылык сапарга кетти
Кыргызстандык зыяратчылардын акыркы тобу 7-августта Ош-Жидда багытындагы учакта ажылык сапарга кетишти. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, мусулманчылык парзын аткарганы баргандар Мекке шаарына жеткирилип, конок үйлөрүнө жайгаштырылды. Алар ысык тамак жана тийиштүү жерлерге ташыган автобустар менен камсыздалды.
Алгачкы топ 25-июлда кеткен. Андан бери зыяратчылар топ-топ болуп Бишкек-Мадина, Ош-Жидда, Ош-Мадина багытында учушту. Жалпысынан 18 авиа каттам уюштурулду. Ар бир топто 300дөй зыяратчы, алты ажы башчы болду.
Быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга 5485 квота бөлгөн.
Ажылык сапар - ислам дининдеги беш парздын бири. Зыяратчылар Курман айт майрамын ошол жакта белгилеп, артка кайтышат. Курман айт быйыл 21-22-августтарга туш келет деп болжолдонууда. (SE)