Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2018

Новости за 21.08.2018

АКШ орус жарандары менен ишканаларына санкция салды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар шейшембиде Орусиянын эки жаранын жана орусиялык, словакиялык компанияларды мурда санкция киргизилген ишканалар менен байланышып, чектөөлөрдү айланып өтүү аракетин жасаганы үчүн айыпка жыкты. АКШнын Каржы департаменти санкциялардын тизмесине орус жарандары Марина Царева менен Антон Нагибинди, орусиялык "Vela-Marine", словакиялык "Lacno" компанияларын киргизди.   Бул жарандар менен компаниялар АКШнын аймагында киберчабуулдарга тиешеси бар деп айыпталган «Дайвтехносервис» ишканасы менен байланышта экени белгиленет. Читать дальше...

Азиада-2018: Каныбек Жолчубеков күмүш, Амантур Исмаилов коло байге алышты

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан Каныбек Жолчубеков Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында 60 кг салмак категориясында грек-рим күрөшү боюнча финалдык таймашта күмүш медалга татыды. Жарым финалдык беттеште Жолчубеков казакстандык атаандашы Майрамбек Айнагуловду 9:0 эсеби менен жеңген. Андан мурдагы кармаштарда кыргызстандык спортчу Түндүк Кореядан жана Кытайдан келген балбандарды уткан. Алтын байге үчүн беттеште жапониялык Шинабу Отага жеңилди. Ал эми спорттун ушул эле түрү боюнча 67 килограммга чейинки... Читать дальше...



Кабулда президенттик сарайга ракета аткан үч согушкер өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Ооган бийлиги баш калаа Кабулдун борборунда президент Ашраф Гани Курман айт майрамы менен элин куттуктап жатканда ракета аткан үч согушкер өлтүрүлгөнүн билдирди.  Шаардын чок ортосунда ооган армиясынын тик учактары Кабулдагы мечиттин үстүнөн айланып учуп, ракета аткан согушкерлерди бутага алды. Ички иштер министринин басма сөз катчысы Нажиб Даниш шаардын эски бөлүгүндөгү мечиттин жанындагы имаратты ээлеп алган үч согушкер өлтүрүлгөнүн бышыктады. Даниш куралчандарды “террорчулар” деп сыпаттап... Читать дальше...

Чеченстандагы кандуу кол салуу

Azattyk.org 

Түркия АКШнын үстүнөн Дүйнөлүк соода уюмуна даттанды. Дүйшөмбүдө Чеченстанда бир канча жерде полицияга куралдуу кол салуу болду. Тажикстанда Курман айт алдында азык-түлүк кымбаттады.

Азиада-2018: Айпери Медет кызы да коло медалга татыды

Azattyk.org 

Ушу тапта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча мелдеште коло медаль утту. 18-августта башталган Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан жалпысынан 150 спортчу катышып жатат. XVIII Азия оюндарынын программасында спорттун 40 түрү бар. Кыргыз спортчулары спорттун 28 түрү боюнча күч сыноодо. Кыргызстандын эсебинде буга чейин үч медаль бар болчу. Балбандар Магомед Мусаев менен Айсулуу Тыныбекова бирден күмүш... Читать дальше...



АКШдан келген Билал өспүрүмгө жардам берди

Azattyk.org 

АКШда ата-энеси менен жашаган он бир жаштагы Билал акча чогултуп, Кыргызстандагы майып балага жардам берди. Бул Билал Ибрагимдин Кыргызстанга биринчи жолу келиши. Баатырбекти ал "Фейсбуктан" көрүп, боору ооруган экен. Ошол күндөн тарта күнүмдүк акчасын үнөмдөп, тааныштардан сурап жатып миң доллардан ашык каражат топтогон. Жаш кезинде шал оорусуна чалдыгып, баспай калган Баатырбекке Билалдын жардамы чоң дем берди. Ал келечекте океан ары жагына барып, жаңы тапкан досу менен катташып турууну каалайт.

Азиада-2018: Мээрим Жуманазарова коло медаль утту

Azattyk.org 

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандан барган Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча беттеште коло медаль утту. 18-августта башталган Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан жалпысынан 150 спортчу катышып жатат. XVIII Азия оюндарынын программасында спорттун 40 түрү бар. Кыргыз спортчулары спорттун 28 түрү боюнча күч сыноодо. Кыргызстандын эсебинде буга чейин эки медаль бар болчу. Балбандар Магомед Мусаев менен Айсулуу Тыныбекова бирден күмүш байгеге ээ болушкан. Читать дальше...

Азиада-2018: Мээрим Жуманазарова коло утту

Azattyk.org 

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандан барган Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча беттеште коло медаль утту. 18-августта башталган Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан жалпысынан 150 спортчу катышып жатат. XVIII Азия оюндарынын программасында спорттун 40 түрү бар. Кыргыз спортчулары спорттун 28 түрү боюнча күч сыноодо. Кыргызстандын эсебинде буга чейин эки медаль бар болчу. Балбандар Магомед Мусаев менен Айсулуу Тыныбекова бирден күмүш байгеге ээ болушкан.

“Таза коом” долбоорун ишке ашырууга 365 млн. сом иштетилди

Azattyk.org 

“Таза коом” долбооруна мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 500 млн. сомдун 365 млн. сому ушул долбоорду ишке ашырууга жумшалды. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев “Азаттык” менен болгон маегинде билдирди.  - Бул долбоор саясатка байланыштуу токтоп калган жок, аны ишке ашыруу улантылып жатат. Негизи “Таза коом” долбоорун азыркы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде 2017-жылдын башында баштаган. Программаны алкагындагы... Читать дальше...

Азиада-2018: Денис Петрашов бешинчи орунду ээледи

Azattyk.org 

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында 5-орунга ээ болду. 21-августта "GBK Aquatic Center" комплексинде медалдардын 7 комплекти ойнотулду. Финалдык таймашка сегиз спортчу катышкан. Петрашов 200 метр аралыкты 2 мүнөт 12.19 секундалык мөөнөттө сүзүп өттү. Алтын жана күмүш медалдарды жапон спортчулары утуп алышты.

Азиада-2018: Денис Петрашов бешинчи орунга татыды

Azattyk.org 

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында 5-орунга ээ болду. 21-августта GBK Aquatic Center комплексинде медалдардын 7 комплекти ойнотулду. Финалдык таймашка сегиз спортчу катышкан. Петрашов 200 метр аралыкты 2 мүнөт 12.19 секундалык мөөнөттө сүзүп өттү. Алтын жана күмүш медалдарды жапон спортчулары утуп алышты.

Британия Евробиримдикти Орусияга жаңы санкция салууга үндөйт

Azattyk.org 

Британ тышкы иштер министри Жереми Хант Евробиримдикке кирген өлкөлөрдү мурдагы орус чалгынчысы Сергей Скрипал менен анын кызы ууландырылгандан кийин Орусияга каршы санкцияларды киргизүүгө чакырарын билдирди. Бул тууралуу Хант шейшембиде Вашингтондо сүйлөй турган сөзүндө айтат. Британ министринин белгилешинче, Евобиримдик Москвага карата санкцияларды катаалдаштырууга камынып турган Кошмо Штаттардын демилгесине кошулуусу керек. Хант Скрипалдарга болгон кол салуудан жана Крымдын аннексиясынан кийин Брюссел Москвага басымды күчөтүп... Читать дальше...

Түркия АКШга каршы ДСУга арызданды

Azattyk.org 

Түркия Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) АКШга каршы даттанды. Расмий Анкара бул кадамы аркылуу Вашингтон Түркиянын болот жана алюминий өндүрүмүнө кошумча бажы салыгын киргизгенине нааразылык билдирүүдө. АКШ НАТО боюнча өз өнөктөшүнө каршы экономикалык санкция киргизип жаткан кезде Түркиянын улуттук валютасы лиранын дагы бир сыйра куну кетти.


Музыкальные новости
Концерт

Концерт Ансамбля песни и пляски Северо-Кавказского округа войск Национальной гвардии России, посвященный Дню Победы, прошел в КЧР





Rss.plus
Россия

Северное сияние снова зафиксировали в ряде областей России




Племя Гунны: рэпер из США в меланхолии, наш Баста — в музлитературе

Коммунальная квартира в разрезе.

Оксана Федорова представила на выставке-форуме «Россия» премьеру фильма «Петербург Шаляпина и Рахманинова»

История становления триколора флагом России




“Америка трагедиясы” “Кыргыз трагедиясына” жетпей калды

Azattyk.org 

Балалык кезимде кат тааныгандан баштап колума тийген кыргыз тилиндеги китептерди тишим өтсө да, өтпөсө да окуй берчүмүн. Авторлору менен деле ишим жок. Өспүрүм кезимде да мектептин китепканасынан чыкчу эмесмин. Ал кездеги көркөм адабият жалаң советтик идеологияга ылайыктап жазылаар эле.

Аба ырайы: тоолордо кар жаайт

Azattyk.org 

“Кыргызгидромет” борбору билдиргендей, 22-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланат жана бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29... Читать дальше...

"Microsoft" «орусиялык хакерлер» түзгөн жалган сайттарды тапты

Azattyk.org 

Америкалык "Microsoft" компаниясы ноябрда АКШнын Конгрессине болчу шайлоого Орусия тараптан таасир этүү аракеттери байкалганын билдирди. Бул тууралуу "Associated Press" агенттиги жазды. Компаниянын билдиргенине караганда, Орусиянын өкмөтү менен байланышы бар хакерлердин тобу АКШдагы Хадсон институту менен Эл аралык республикалык институттун интернет-домендеринин жалган көчүрмөсүн түзүшкөн. Хакерлер ошондой эле АКШ Сенатынын сайтына окшош дагы үч жалган дарек жасашкан.   Эл аралык республикалык... Читать дальше...

Президент оффшордогу акчаны кайтаруу механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын тышына, оффшордук чөлкөмдөргө мыйзамсыз, кылмыш жолу менен чыгарылып кеткен акча каражаттарын издөө жана кайтаруу үчүн кошумча механизмдерди түзүүнү тиешелүү кызматтарга тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады. Анын маалыматында айтылгандай, президент “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Мыйзамды Жогорку Кенеш 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алган. Читать дальше...



Москва

Армяне в Великой Отечественной войне: Иван Георгиевич Магакьян


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Услугами и сервисами mos.ru москвичи воспользовались 4 миллиарда раз



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Брановицкий

Создание Презентации для Артиста, Актера, Музыканта, Писателя, Поэта, людей Творческих профессий, продвижения услуг и брендов!




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над "Зенитом" в чемпионате России

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время

ЦСКА обыграл «Зенит» в Санкт-Петербурге впервые за 13 лет


ATP

Хачанов победил Шевченко во втором круге турнира ATP в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Здоровье

Новые дорожные ирригаторы Revyline RL 660 PRO поступили в чувашский филиал



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России