Шыкмаматов Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин курамына кирди
Президент Сооронбай Жээнбеков 7-августта кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы өзгөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Жарлыкка ылайык, парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов улуттук кеңештин курамына кошулду. Калган курам өзгөрүүсүз калды. 25 кишиден турган кеңешке президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылат. Тизмеде спикер Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев... Читать дальше...