Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2018

Новости за 12.08.2018

Иранда каржы кылмышына шектелгендерге жаза катаалдайт

Azattyk.org 

Иранда каржылык кылмыштарга шектелип 67 киши кармалганы расмий кабарланды.  - Алардын айрымдары күрөөгө бошотулду. Ал эми жүздөн ашуун адам, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлерге, жетекчи кызматтагыларга жана башка жеке ишкерлерге чет өлкөгө чыгууга тыюу салынды, - деди Иран сотунун өкүлү Голамхоссейн Мохсени Эджей 12-августта мамлекеттик теле аркылуу.  Бир күн мурда эле өлкөнүн рухий көсөмү аятолла Али Хаменеи каржылык кылмыштарды кароо үчүн атайын сот түзүү өтүнүчүн канааттандырган.  Жаңы... Читать дальше...

Иранда каржы кылмыштары үчүн жаза күчөтүлөт

Azattyk.org 

Иранда каржылык кылмыштарга шектүү катары 67 киши кармалганы расмий кабарланды.  - Алардын айрымдары күрөөгө бошотулду. Ал эми жүздөн ашуун адамга, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлерге, жетекчи кызматтагыларга жана жеке ишкерлерге чет өлкөгө чыгууга тыюу салынды, - деди Иран сотунун өкүлү Голамхоссейн Мохсени Эджей 12-августта мамлекеттик теле аркылуу.  Бир күн мурда эле өлкөнүн рухий көсөмү аятолла Али Хаменеи каржылык кылмыштарды караш үчүн атайын сот түзүү тууралуу өтүнүчтү канааттандырган. Читать дальше...

Каспийдин укуктук макамы такталды

Azattyk.org 

Казакстанда өткөн саммиттин жыйынтыгында, 12-августта Каспий деңизинин укуктук макамы такталды. Тийиштүү документке деңиз боюндагы беш өлкө Орусия, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан жана Ирандын президенттери кол коюшту.  Макулдашууга 20 жылдык талаш-тартыштан кийин жетишти. Документке ылайык, деңиз бетинин негизги бөлүгү жалпы колдонууда кала берет. Түбү менен кен-байлыктарын, анын ичинде мунай корун коңшу өлкөлөр өз ара тил табышуунун жана эл аралык укуктун негизинде бөлүп алышат.  Саммитте... Читать дальше...



Жаатташкан ошол айылым!..

Azattyk.org 

“Күлкү кербендин” бул чыгарылышында жердешчилик жана атаандашуу жөнүндөгү азил катыкталган чакан аңгеме сунуш кылынат.

Сталиндин Берлинди бомбалоого буйрук бергени ачыкка чыкты

Azattyk.org 

Орусиянын Коргоо министрлиги аскер-аба күчтөрүнүн күнүнө карата Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы айрым документтердин сүрөттөрүн жарыялады.  Арасында Иосиф Сталиндин Берлинди бомбалоо тууралуу кол жазма буйругу да бар. Сталин аны Георгий Маленковго айтып жаздырып, 1941-жылдын 9-августуна оогон түнү кол койгон. Буйрукка ылайык, советтик учактардын бир бөлүгү Эстониядагы аэродромдон Берлинге жете барып, бомбалоого үлгүргөн. 1941-жылдын августунун аягында чабуулдар токтогон. Ал учурда немис армиясы Таллинди алган болчу. Читать дальше...

НАСА Күнгө аппарат учурду

Azattyk.org 

НАСА 12-августта "Паркер" аттуу аппаратын Күнгө учурду. Ал эң ысык планетаны курчап турган атмосферанын сырткы катмарына жетиши керек деп пландалган.  Бул тарыхтагы биринчи жолу Күнгө учуу.   Аппарат мерчемделген аралыкка 88 күндө жетип барышы керек. 1300 градус Цельсий температурага барабар мейкиндикте иштеп, маалымат чогултары күтүлүүдө. Чоңдугу орточо автоунаага барабар зонд көп катмарлуу карбон материалы менен калкаланган. Бир эле бурчуна калканч жетпей калса дароо иштен чыгып, күйүп жок болушу ыктымал. Читать дальше...

Абылгазиев: Калкты үй менен камсыздоодо курулуштун темпи өстү

Azattyk.org 

Калкты үй менен камсыздоодо турак жайларды куруунун темпи өстү. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев куруучулардын кесиптик майрамы менен куттуктаган сөзүндө билдирди. Өкмөт башчы пайдаланууга берилген объекттердин саны өсүп, архитектуралык дизайн өнүгүп жатканын белгилеген. - Курулуш тармагы ички дүң өндүрүмдүн өсүүсүнө таасир берүү менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө маанилүү салым кошот. Куруучулар алдыңкы технологияларды колдонуп, көптөгөн курулуштарды... Читать дальше...



Ысыкта суудан өксүгөн конуш

Azattyk.org 

Мээ кайнаткан ысыкта Бишкектин жаңы конуштарынын көбүндө таза суу чыкпай, жашоочулар кыйнала баштады.

Футбол аялдын мээси үчүн кооптуу

Azattyk.org 

Кабык дарактын сөңгөгүнүн тик өсүүсүнө жардамдашат. Быйыл Меркурийге илимий сапар башталат... Космостук станциядагы аяз. Топ сүзүү аялдардын баш мээси үчүн кооптуу.

Жалал-Абадда чагылгандан бир адам каза болду

Azattyk.org 

Аксы районундагы Жаңы-Жол айылынын 38 жаштагы тургуну 12-августта, эртең мененки саат сегиз жарым чамасында чагылган тийип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Токтобек Шадыканов аттуу тургун чөп чаап жаткан учурда чагылган түшкөн. Маркум ошол учурда телефон менен сүйлөшүп жаткан жана денесинин көпчүлүк бөлүгү күйгөн. ӨКМ, милиция кызматкерлери кырсык болгон жерге барып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүштү. (КЕ)

 “Талибандын” өкүлдөрү өзбек дипломаттары менен жолукту

Azattyk.org 

“Талибан” кыймылынын Доха шаарындагы саясий кеңсесинин башчысы Шир Мухаммад Аббас Станикзай башында турган делегация 7-10-август күндөрү жумушчу сапар менен Өзбекстанга барды. Кыймылдын өкүлдөрү Тышкы иштер министрлигинде болуп, тараптар Ооганстандагы тынчтык жараянынын келечеги тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өзбекстандын ТИМи билдирди. "Талибан" кыймылы Ооганстандын аймагында дээрлик чейрек кылым согушуп келген, региондогу ири аскердик топтордун бири. Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат... Читать дальше...

13-августтун аба ырайы

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймаганда 13-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо  жаан карга айланышы ыктымал. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жаан, кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Читать дальше...

Мамлекеттик карыз 4 млрд. 411 млн. долларды түздү

Azattyk.org 

Июнь айында Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызынын өлчөмү 4 млрд. 411,03 млн. АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Мунун ичинен тышкы карыз 3 млрд. 809,19 млн. долларды, ички карыз 601,84 млн. долларды түзөт. Кыргызстандын эң көп бересеси Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет – ага Бишкек 1,7 млрд. доллардан ашуун сумманы төлөшү керек. Бул тышкы карыздын 45% жакынын түзөт. Өкмөт быйыл январь-март айларында мамлекеттик карызды төлөөгө жалпысынан 1,87 млн. Читать дальше...

Манчестердеги атышууда он киши жараат алды

Azattyk.org 

Англиянын түндүк-батышындагы Манчестер шаарындагы атышуудан он киши жабыркады. Окуя шаардагы карнавалдан кийин болуп, кол салган адам изин жашырып кеткен. Карнавалдын катышуучулары ар кандай деңгээлде жараат алган. Дарыгерлер алардын өмүрүнө коркунуч жараткан жагдайлар жок экенин белгилөөдө. Учурда кылмышкердин тек-жайын аныктоо иштери жүрүп жатат. Полиция тергөө-иликтөө иштерин баштады.

Курман айт 21-августта белгиленет

Azattyk.org 

Кыргызстанда мусулмандардын Курман айт майрамы 21-августта белгиленет. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы кабарлады. "12-август Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан кыргызстандыктар Курман айт майрамын 21-августта белгилешет. Ал эми 20-август арапа күнү болуп, ажылык милдеттерин өтөп жүргөн мекендештерибиз бул күнү ыйык Мекке шаарындагы Арафат өрөөндө болушмакчы", - деп жазылган муфтият тараткан маалыматта. Курман айт – мусулман коомчулугунун ири майрамы болуп саналат. Аны белгилөө күнү айдын чыгышына карап аныкталат. Читать дальше...

Монголияда поезд жолдон чыгып кетти

Azattyk.org 

Монголиянын түштүк-чыгышында жүргүнчү ташыган поезд жолдон чыгып, алты адам жабыркады. Алардын үчөө балдар. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды. Вагондо 328 жүргүнчү болгон. Окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат. Кырсыктын себептери иликтенүүдө.


Музыкальные новости
Анастасия Волочкова

«Погрузиться она успела»: Волочкова спасла полную женщину из таза со льдом





Rss.plus
ММА

Боец ММА извинился за побег из Петербурга в Москву после ДТП с Porsche и попросил его не сажать




В Москве появится единая система продажи билетов на водный транспорт

Какого числа в 2024 году в России празднуют День матери

Россия заменила турбины "Сименс" отечественными ГТД-110М

За майские праздники Елабуга приняла 25 теплоходов и свыше 3,6 тыс. туристов




Түркия: кыргыз балдардын кымбат сүрөтү

Azattyk.org 

Түркиялык ишкер Огулжан Айдомуш өлкөдө жашаган этникалык кыргыздардын мектебине материалдык колдоо көрсөтүүнү чечкен. Ал өзү иштеткен чакан кафеге мектеп окуучулары тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсүн уюштуруп, эки жуманын ичинде дээрлик баарын сатып бүткөн. Түрк ишкер сатыктан топтолгон акчаны чогултуп, Ван аймагындагы Улуу Памир айылындагы мектепке алып барем деп турган чагы.

Апта: Курулушчу мэр келди, рублдин куну качты

Azattyk.org 

Бул жумада Бишкек шаары жаңы мэрлүү болду, Ысык-Көлдө төртүнчү "Мекендештер" форуму өттү, АКШ Орусияга жаңы санкция киргизерин жарыялагандан кийин рубль кескин арзандап кетти.

Апта: Курулушчу мэр келди, рублдин куну кетти

Azattyk.org 

Бул жумада Бишкек шаары жаңы мэрлүү болду, Ысык-Көлдө төртүнчү "Мекендештер" форуму өттү, АКШ Орусияга жаңы санкция киргизерин жарыялагандан кийин рубль кескин арзандап кетти.

Элетти өнүктүрүү: сегиз айдагы иш

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков быйылкы 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялап, алдыга бир катар милдеттерди койгонуна сегиз ай болду.

“Манаста" жергиликтүү каттамдарды кабыл ала турган бөлүм ачылат

Azattyk.org 

“Манас” эл аралык аэропортунда жергиликтүү каттамдарды кабыл ала турган бөлүм ачылат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Анын белгилешинче, ушул тапта аба майданындагы күтүү, жүктөрдү берүү залы оңдолуп жатат. Курулуш иштерин 31-августка чейин бүтүрүү пландалган. Буга чейин “Манас” эл аралык аэропортунун жетекчилиги Бишкек жана Ош аэропортторун модернизациялоо боюнча иштерди жүргүзө турганын айткан. “Манас” аэропортунун инфраструктурасын оңдоо боюнча 24 долбоор бар. 1-2-кабаттарын... Читать дальше...



Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» и все правительства могут отменить либо собрать все налоги!


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин назвал самые популярные у москвичей услуги и сервисы mos.ru



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

Что показывают в доме Окуджавы в Нижнем Тагиле: фоторепортаж и семейные истории к 100-летию барда. ФОТО. ВИДЕО




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

"Спартак" и "Краснодар" объявили стартовые составы на матч чемпионата России

Танцоры из Асбеста выступят в Москве

Калужане выиграли 8 медалей на всероссийских соревнованиях по пауэрлифтингу


Уимблдон

Финалистка юниорского Уимблдона-2023 получила временное отстранение за допинг



Новости Крыма на Sevpoisk.ru