Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2018

Новости за 20.08.2018

Айсулуу: Мени колдогондорго ыраазымын

Azattyk.org 

20-августта Азия оюндарында күмүш медалга ээ болгон Айсулуу Тыныбекова аны колдогон бардык кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди. Тыныбекованын медалы быйылкы Азия оюндарындагы Кыргызстандын капчыгына түшкөн экинчи күмүш байге болду. (Маекти "Азаттыктын" казак кызматынын журналисти Руслан Меделбек алган)

Чеченстанда төрт жерде полицияга кол салуу болду

Azattyk.org 

Дүйшөмбүдө Чеченстанда дээрлик бир маалда полицияга бир нече куралдуу кол салуу болду. "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу кол салууларды уюштурганын өзүнүн "Амак" сайты аркылуу кабарлады. Бирок аны далилдей алчу эч кандай кошумча маалымат бере алган жок.   Жумурияттын лидери Рамзан Кадыров кол салууларды "Курман айт майрамында бүлүк салуу" катары баалады. "Мунун башкы максаты - Чеченстанда куралдуу аракеттерди ишке ашырып, террордук чабуулдарды уюштура алчу күчтөр бар экенин көргөзүү үчүн жалган... Читать дальше...

Армениянын экс-президенти Кочаряндын үйүндө тинтүү жүрдү

Azattyk.org 

Армениянын атайын тергөө комитети 2008-жылдын 1-мартындагы окуяларга байланыштуу ачылган кылмыш иштин алкагында мурдагы президент Роберт Кочаряндын үйүндө тинтүү жүргүздү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун армян кызматына Тергөө комитетинин басма сөз катчысы Марина Оганжанян билдирди.   2008-жылдын 1-мартында президенттик шайлоодо мурдагы президент Серж Саргсян жеңишке жеткенден кийинки массалык нааразылык акцияларында демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышкан. Анда кеминде он киши мерт болуп, жүздөгөн адам жабыркаган. Читать дальше...



Качкын бүлөнүн арсар макамы

Azattyk.org 

Элеттеги жаш дарыгерлердин жашоо үчүн күрөшү. Кыргызстанды чет жакта иштеп жүргөн мигранттар өнүктүрөбү? Ооганстандагы согуштан араң аман калган үй-бүлө Кыргызстанда он жылдан бери баш калкалап, качкын макамын күтүп жүрөт. Дүйнөлүк таймашка даярдык көрүп жаткан "калькулятор бала".

Ток урган жоокер колунан айрылды

Azattyk.org 

Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокер кезмет учурунда токко урунду. Кырсыктан улам оор жаракат алып, күйүп калган жигиттин оң колу кесилди. Ушул тапта дарыгерлер анын сол колун сактап калууга аракет кылып жатышат.

"Кыргыз жаштары демократияны саткан эмес"

Azattyk.org 

Тарыхта ГКЧП же "Өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комитет" деген аталыш менен калган Совет өлкөсүндөгү мамлекеттик төңкөрүшкө туура 27 жыл болду. 1991-жылы 19-21-август күндөрү Компартия менен КГБдагы консервативдүү күчтөр СССР президенти Михаил Горбачевго каршы төңкөрүш уюштурган. Ал күндөрү Кыргызстандын саясий жетекчилиги жана коомчулугу бул аракетке каршы чыгып, өз позициясын билдирген. Ошол күндөрү ГКЧПга каршы турган штабдын башчысы болгон, Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) ошол кездеги... Читать дальше...



Путинди бийлеткен үлпөт

Azattyk.org 

Ооганстандын Кундуз провинциясында жүз элүүдөй адам "Талибандын" барымтасынан бошотулду. Түштүк кореялык карыялар жарандык согуштан кийин Түндүк Кореяда калган туугандарын көрүп келүү үчүн жолго чыгышты.

Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарында күмүш медалга ээ болду

Azattyk.org 

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштөн күмүш медалга ээ болду. Ал 62 килограммга чейинки салмакта алтын медал үчүн монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж менен күч сынашып, 11:0 эсебинде утулуп калды. Жарым финалда Тыныбекова индиялык атаандашы Малик Сакшини (Malik Sakshi) 8:7 эсеби менен утуп чыккан эле. Айсулуу Тыныбекова Орхон Пуревдорж менен 2016-жылы Астанада өткөн Олимпиадага тандоо мелдешинде күрөшүп, жеңишке жетишкен. Читать дальше...

Сахалинде эки кыргызстандык каза болду

Azattyk.org 

Сахалинде кагаз чыгарган заводдун чатыры түшүп, анда иштеп жаткан үч киши каза болду. Алардын экөө Кыргызстандын, бири Тажикстандын жараны экени аныкталды.

Иранда “Total” компаниясы ишмердигин токтотту

Azattyk.org 

Француздардын мунай жана газ иштеткен “Total” компаниясы Ирандагы долбоорлорун жаап, өлкөдөгү ишмердигин расмий токтотту. Буга Вашингтондун Тегеранга экономикалык санкцияларды кайра киргизгени себеп болду.  Бул тууралуу Ирандын мунай министри билдирди. Анын айтымында, Иранда “Total” компаниясы чалгындап жаткан ири газ кени эми Кытайдын мамлекеттик ишканасынын колуна өтөт. Кошмо Штаттар Иранга киргизилген санкцияларды бузуп, Тегеран менен кзыматташкан компаниялар дагы айыпка жыгыларын эскерткен. Читать дальше...

Кыргыз-кытай чек арасы төрт күнгө жабылат

Azattyk.org 

Кыргызстанда Курман айт майрамынын белгиленишине байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт-автожол” жана “Эркечтам-автожол” өткөрүү пункттары 22-августтан 26-августка чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, мындай чечим Кытай тараптын демилгеси менен кабыл алынды.  Жарандарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү 27-августта кайра жанданат. (ErN)

Дарыгер токко урунган жоокердин абалы тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы №4 оорукананын күйүк-жараат бөлүмүнүн дарыгери Владимир Плаксин кезмет учурунда токко урунуп, оор жаракат алган жоокер Руслан Сапарбаевдин абалы жөнүндө маалымат берди. Ал жоокерге керектүү операция жасалып, оң колу ампутация кылынганын, сол колун да кесүү коркунучу бар экенин билдирди. - Жоокер электрден жабыркагандан кийин бизге 10-августта келип түшкөн. 17-августта операция кылып, оң колун чыканагынан өйдөрөөк ампутация кылып салууга туура келди. Ошондой эле анын көкүрөк тушундагы омурткасы да оор жаракат алган. Читать дальше...

21-августка карата аба ырайы: тоолордо кар жаашы мүмкүн

Azattyk.org 

“Кыргызгидромет” борбору билдирүү таратып, 21-августта жана 22-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаай турганын эскертти. Тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет. 21-августта... Читать дальше...

Сахалинде урандынын астында калган эки кыргызстандыктын сөөгү табылды

Azattyk.org 

Орусиянын Сахалин облусунун Поронайcк шаарында чатыры урап түшкөн имараттын алдында калган эки кыргызстандыктын сөөгү табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын башчысы Эшимбет Төлбаев билдирди. Анын айтымында, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери сөөктөрдү жергиликтүү өлүкканага жеткиришти. Маркумдардын тек-жайы аныкталса, сөөктөрдү Кыргызстанга жөнөтүү маселеси чечилет. 19-августта Поронайcк шаарында мурдагы кагаз чыгарган заводдун чатыры түшүп кетип, бир киши каза болгон. Читать дальше...

Өзбекстанда мектепте окуу 5-сентябрда башталат

Azattyk.org 

Өзбекстандын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуу жылы 5-сентябрда башталарын элге билим берүү министри Шерзод Шерматов "Фейсбук" баракчасына жазды.  Өзбек президентинин буйругуна ылайык, бул өлкөдө 31-августтан 4-сентябрга чейин эгемендик майрамына байланыштуу эс алуу күндөрү деп жарыяланган.   Министр Шерматов «майрам күндөрүн толук пайдаланыш үчүн жана мектеп мугалимдеринин ыңгайына жараша жаңы окуу жылы 5-сентябрда башталат. Бул мектеп жашындагы балдары бар ата-энелердин ары-бери саякатташына мүмкүнчүлүк түзөт" деп жазды.

Ооган армиясы "Талибан" барымтага алган 149 кишини бошотту

Azattyk.org 

Ооган бийлиги өкмөттүк күчтөр Кундуз провинциясында «Талибан» кыймылынын жоочулары барымтага алган 149 кишини бошотконун билдирди.  Дүйшөмбүдө эртең менен “Талибан” кыймылы автобуста Кабулга бараткан 100дөн ашуун кишини, анын ичинде аялдар менен балдарды барымтага алган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Насрат Рахими куткаруу операциясы учурунда жети талиб өлтүрүлгөнүн, бирок алардын колунда дагы 21 кишини калганын кошумчалады. Барымтадагылардын кайда экени белгисиз. Кундуз... Читать дальше...


Музыкальные новости
Игорь Бутман

"Все наши — здесь": Бутман, Машков, Гусева, Немов поделились эмоциями от Парада Победы





Rss.plus
Динамо

Махачкалинское «Динамо» победило «Химки», «Родина» сместила «Арсенал» с 4-го места




ИПГ: мощность магнитной бури снизилась с экстремального до сильного уровня

"Не вздумайте брать этот чай даже по акции": Росконтроль назвал три марки, которые в черном списке

Тульский «Экспресс Офис» не пробился в 1/8 финала Континентальной футбольной лиги

Ремонт эскалатора изменит режим работы «Звездной» до июля




Кундузда барымтадагылардын көбү куткарылды

Azattyk.org 

Ооганстандын Кундуз провинциясында, расмий өкүлдөр кабарлагандай, "Талибандын" барымтасынан жүз элүүдөй киши бошотулду. Окуя ооган президенти Ашраф Гани Курман айтты утурлай "Талибанга" атышууну токтотууну кайрадан сунуш кылган кезде болду. АКШ Кабулдагы бийликтин демилгесин кубаттады. Бирок атышуу ал сунушка "Талибан" көнсө гана токтойт.

Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштөн финалга чыкты. Жарым финалда Тыныбекова индиялык атаандашы Малик Сакшини (Malik Sakshi) 8:7 эсеби менен утуп чыкты. Ага чейин тандоо турунда Айсулуу Тыныбекова түндүк кореялык Жонг Сим Римди (Jong sim RIM), ал эми чейрек финалда кытайлык Руй Сюну (Rui XU) жеңген. 2016-жылкы Бразилияда өткөн Олимпиадада Айсулуу Тыныбекова Малик Сакшиге утулуп, коло байгеге ээ болгон эле. 18-августта... Читать дальше...

"Раим миллион" өкмөттүн "башын оорутту"

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов боюнча райондук соттун чечимине байланыштуу жогорку инстанцияга кайрыла элек.

Казак аскерлери Ливандагы БУУнун миссиясына кошулат

Azattyk.org 

Казакстандын коргоо министри Еурлан Ермекбаев Улуттар Уюмунун тынчтыкты сактоо миссиясына кызмат өтөөгө жөнөп жаткан аскерлер менен жолукту. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди. Министр Ермекбаев Алматы облусундагы аскер бөлүктөрүн кыдырып жүрүп, "тынчтыкты сактоо миссиясында кызмат кылууга жөнөп жаткан аскерлердин ротасы менен жолукту" деп айтылат билдирүүдө. 15-июнда казак парламенти Улуттар Уюмунун мандатынын негизинде Казакстандын аскерлерин Жакынкы Чыгышка жиберүү жөнүндө президенттин сунушун жактырган. Читать дальше...

Караколдо “ЭКСПО Ысык-Көл” көргөзмөсү башталды

Azattyk.org 

20-августта Каракол шаарында “ЭКСПО Ысык-Көл — 2018” аттуу эл аралык биринчи көргөзмө-жармаңке башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты кабарлады. Көргөзмөгө Кыргызстандан сырткары Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Белгиянын, Германиянын, Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн өндүрүшчүлөрү өз товарларын коюшту. Иш-чара Ысык-Көл аймагын өнүктүрүүгө чет элдик инвесторлорду тартуу максатын көздөйт. Көргөзмөнү жергиликтүү бийлик Кыргызстандын Соода палатасы менен чогуу уюштурган. Читать дальше...



Москва

Озоновые Дыры: Вызов современности, Взгляд Романа Терещенко


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин назвал самые популярные у москвичей услуги и сервисы mos.ru



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Игорь Бутман

"Все наши — здесь": Бутман, Машков, Гусева, Немов поделились эмоциями от Парада Победы




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки

Баскетбольный «Зенит» с разницей в 14 очков проиграл в Москве ЦСКА и уступает в полуфинальной серии Единой Лиги ВТБ со счётом 1–2


Уимблдон

Финалистка юниорского Уимблдона-2023 получила временное отстранение за допинг



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Историческая реконструкция боев прошла в Дмитровском округе



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России