АКШ Палестин автономиясына каржылык жардамды кыскартат
![АКШ Палестин автономиясына каржылык жардамды кыскартат](https://gdb.rferl.org/AC727BB8-614A-461F-8A2B-595BD2B9EF9F_w800_h450.jpg)
Кошмо Штаттары Палестин автономиясына миллиондогон каржылык жардамды токтотушу мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Улуттук коомдук радиосу расмий булактарга таянып билдирди. 251 млн. долларлык экономикалык жардам Палестин администрациясы АКШ президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныганын сындагандан кийин токтотулган.
Мындан сырткары Вашингтон 300 млн. долларлык палестиналык качкындардын иши боюнча БУУнун комитетине 300 млн. доллар берүүнү токтотуп койгон.
Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш Кошмо Штаттардын палестиналыктарга берилчү жардамын азайтуу боюнча чечимине өтө тынчсызданып жатканын билдирген.
АКШ президенти Дональд Трамп "Твиттердеги" барагына Вашингтон жыл сайын палестиналыктарга миллиондогон долларларды бөлгөнү эч кандай баага жана сыйга татыбай келгенин жазган.