Зыяратта жүргөн кыргызстандыктар үчүн "Тез жардам" автоунаасы ишке кирди
Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылардын саламаттыгын көзөмөлдөп, алардын ден соолугуна кам көрүү үчүн атайын "Тез жардам" автоунаасы алынды. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев "Азаттык" радиосуна кабарлады.
Анын айтымында, "Тез жардам" автоунаасы бардык жабдуулар жана керектүү дары-дармектер менен камсыздалган. Учурда Саламаттык сактоо министрлиги Мекке шаарына жиберген 18 дарыгер иштеп жатат. Үч медициналык борбор иш алып барууда. Мекке шаарындагы демөөрчүлөр алып берген "Тез жардам" автоунаасы ар жылы Кыргызстандан ажылыкка баргандардын саламаттыгын көзөмөлдөп турат. Демөөрчүнүн аты-жөнү жазылган эмес.
Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5400 квота бөлгөн. Алгачкы топ 25-июлда кеткен. Андан бери зыяратчылар топ-топ болуп Бишкек-Мадина, Ош-Жидда, Ош-Мадина багытында учушту. Жалпысынан 18 авиа каттам уюштурулду. Ар бир топто 300дөй зыяратчы, алты ажы башчы болду. (КЕ)