Орусия: Космостук мекеменин жетекчиси кармалды
Орусиянын ракета-космос жаатында иш алпарган “Энергия” ишканасынын башкы директорунун орун басары Алексей Белобородов жана эки кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бул өлкөнүн тергөө комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кармалгандар күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмөлөрдү беришкен.
ТАСС агенттигинин жазышынча, Белобородов “Энергия” ишканасында 2016-жылдан бери иштейт. Бул ишкана Орусиянын космос чөйрөсүндөгү ири оюнчулардын бири катары саналат. Ишкана “Союз”, “Прогресс” сыяктуу космостук кемелерди жана баллистикалык ракеталарды өндүрөт.
Былтыр Эсеп палатасы космос жаатында 2 триллион рублдан ашык финансылык мыйзам бузууну аныктаган. Анын 40 пайызы же 800 миллиард рубли “Роскосмоско” туура келери аныкталган. Буга байланыштуу “Роскосмостун” курамына кирген “Энергия” ишканасынын чарба-каржылык ишмердигин текшерүү тапшырмасы коюлган.