“Ак кеме” повестинин негизинде экинчи тасма тартыла баштады
![“Ак кеме” повестинин негизинде экинчи тасма тартыла баштады](https://gdb.rferl.org/70D6FE68-A1F9-46BD-9E74-9AE116717F94_w800_h450.jpg)
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" ("Жомоктон кийин") повестинин негизинде “Шамбала” аттуу тасманы тартуу иштери башталды.
Тасманын режиссеру Артыкпай Сүйүндүков, ал эми оператору Мурат Алиев болот. Сүйүндүков бул тасманын сценарийин узак убакыттан бери даярдап, фильмди тартуу үчүн жазуучунун макулдугун алып, далай кеп-кеңешин укканын “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.
“Шамбала” тасмасы Кемин, Балыкчы шаарларында жана Нарын облусунун аймагында тартылат. Тасманын бет ачары кийинки жылы өтөт.
Бул - Айматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган экинчи тасма болот. Биринчи тасманы 1976-жылы режиссер Болот Шамшиев тарткан эле. (BkA)