Улуттук банкка баш ийбеген микрокредиттик агенттиктин иши токтотулат
Улуттук банк Ысык-Көлдөгү “Ишкер” микрокредиттик агенттигине берилген күбөлүктү 23-августтан тарта токтотот. Бул тууралуу банктан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган ишкана Улуттук банк берген буйруктарды аткарбай, текшерүү иштерине каршылык көрсөткөн. Буга байланыштуу банк 2003-жылы берилген күбөлүктү жараксыз деп табуу тууралуу чечим кабыл алган.
Кыргызстанда 96 микрокредиттик ишкана Улуттук банктан каттоодон өткөн. Алар жарандарга насыя берүү жаатында иш алпарат. (BkA)