Тил үйрөтүш үчүн Кыргызстанга 50 америкалык ыктыярчы келди
![Тил үйрөтүш үчүн Кыргызстанга 50 америкалык ыктыярчы келди](https://gdb.rferl.org/F0342D52-68C3-4B2B-97A5-C8E764AD0AF6_cx4_cy13_cw94_w800_h450.jpg)
Тынчтык корпусунун “Англисчени чет элдик тил катары окутуу” (TEFL) программасынын алкагында 20-августта АКШдан 50 ыктыярчы Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Тынчтык корпусунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Асылгүл Акимжанова билдирди.
Анын айтымында, ыктыярчылар өлкөдөгү жалпы билим берүүчү мекемелерде мугалимдерди жана балдарды англис тилине үйрөтүшөт. Чет элдиктер негизинен Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу айылдарындагы мектептерде иш алып барышат. Алар барган жерлеринде кыргыз үй-бүлөлөрү менен чогуу жашашат жана өздөрү кыргыз тилин үйрөнүшөт.
Ыктыярчылар 21 жаштан 58 жашка чейин жана АКШнын ар башка штаттарынан тандалып алынган.
Тынчтык корпусу Кыргызстанда 25 жылдан бери иш алып барат. Андан бери мекеме чет элдик 1200 ыктыярчыны өлкөгө алып келип, балдарды англис тилин окутууга салым кошкон. “Англисчени чет элдик тил катары окутуу” (TEFL) программасы Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу жүргүзүлөт. (ErN)