Британия Евробиримдикти Орусияга жаңы санкция салууга үндөйт
Британ тышкы иштер министри Жереми Хант Евробиримдикке кирген өлкөлөрдү мурдагы орус чалгынчысы Сергей Скрипал менен анын кызы ууландырылгандан кийин Орусияга каршы санкцияларды киргизүүгө чакырарын билдирди. Бул тууралуу Хант шейшембиде Вашингтондо сүйлөй турган сөзүндө айтат.
Британ министринин белгилешинче, Евобиримдик Москвага карата санкцияларды катаалдаштырууга камынып турган Кошмо Штаттардын демилгесине кошулуусу керек.
Хант Скрипалдарга болгон кол салуудан жана Крымдын аннексиясынан кийин Брюссел Москвага басымды күчөтүп, эл аралык нормаларды сактоого мажбуралышы керек деп эсептейт.
8-августта АКШ Британияда Скрипалдардын ууландырылышына байланыштуу Орусияга жаңы санкцияларды киргизерин жарыялаган. Орусия Вашингтондун бул аракетине "мыйзамсыз" деп баа берген. Премьер-министр Дмитрий Медведев АКШнын Орусияга каршы санкцияларын кеңейтүү аракетин "экономикалык согушка" салыштырган.