Депутат Ысык-Көлдү сүзүп өттү
Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдүн тескей жээгинен күңгөйүнө чейин сүзүп өттү. Ал Issyk-Kul Swim Challenge акциясына катышкан. Анда Тоң районунун Кара-Талаа айылынан күңгөй жээгине чейин 14 чакырымды сүзүп өтүү керек болчу.
54 жаштагы Турусбеков менен катар бул акцияга казакстандык Арсений Елисеев, Даулет Курманбаев жана кыргызстандык Кайрат Талантбеков катышты.
Мелдешти Nomad Sport коомдук фонду уюштурду. Акция Ысык-Көлдү кечип өткөн Тору-Айгыр жөнүндө уламыштын негизинде сууда сүзүүнү жайылтуу максатын көздөйт.
Бактыбек Турусбеков быйыл Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын алган. Ал кылмыш жоопкерчилигине тартылганына байланыштуу мандаттан ажыратылган Игорь Чудиновдун ордуна келди. (BkA)