Иранда жер титирөөдөн эки киши мүрт кетип, 240 жараат алды
Ирандын батышындагы Керманшах провинциясында алты баллга жеткен жер титирөө болгонун жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлашууда. Керманшах Тез жардам кызматы кабарлагандай, зилзаладан 70 жаштагы эркек киши жана боюнда бар аял набыт кеткен. Дагы алты киши бейтапканада оор абалда жатат.
Керманшах губернатору Хушанг Базванддын айтымында, бир нече айылда электр энергиясы өчкөн. Кызыл чырым уюмунун айтымында, жер титирөө таза суу инфраструктурасын да бузушу мүмкүн. Анткен менен, Иран бийлиги "бардык маселелер чечилип жатат жана эч кандай кошумча жардамдын кереги" жок деп жарыялады.
Эске сала кетсек, ноябрь айында Ирандын ушул эле Керманшах провинциясында 7,3 баллга чейин жеткен жер титирөө катталып, анда 620 киши мерт болуп, миңдегени жараат алышкан.