Ооганстанда "Ислам мамлекети" тобунун лидери атылды
Ооган жана чет элдик коалициянын аскерлеринин биргеликте жасалган атайын операциясында “Ислам мамлекети” террордук тобунун Ооганстандагы лидери Абу Саад Эрхаби атылды. Бул тууралуу өлкөнүн атайын кызматтарына таянуу менен “Рейтер” агенттиги жазды.
Нангархар провинциясындагы жекшемби күнкү операция учурунда Эрхабиден сырткары “Ислам мамлекетинин” 10 чакты жоочусу дагы өлтүрүлдү.
Жоочулардын эки лагери жана бир нече оор куралдары жок кылынды. Жергиликтүү жихадисттик радикалдуу “Амак” (Amaq) маалымат агенттиги бул тууралуу кабар тараткан жок. Ооган аскерлерин машыктырган НАТОнун күчтөрү да билдирүү бере элек.
Нангархар провинциясынын бийликтери болсо ушуну менен былтыркы жылдын жай айларынан бери “Ислам мамлекетинин” Ооганстандагы лидерлеринин төртүнчүсү жок кылынганын ырастап жатат. Радикалдык бул топ Пакистан менен чектеш аталган провинцияда кенен жайылып кеткен. Жихадчылар оогандарга жана америкалыктарга тиешелүү аскерлерге кол салып келет. 2015-жылдан бери ал тургай "Талибан" кыймылынын жоочуларына да чабуул жасап жүрөт.
АКШнын аскерлеринин маалыматына ылайык, “Ислам мамлекети” кыймылынын Нангархардагы мүчөлөрү эки миңге чукул. Август айында алардын Жаузжан провинциясындагы 150дөй мүчөсү өз эрки менен ооган бийликтерине багынып берген. (ErN)