Кыргызстандагы алгачкы хирург аял Какиш Рыскулова дүйнөдөн кайтты
Кыргызстанда алгачкы хирург аял, Кыргызстандын медицинасына эмгек сиңирген дарыгер Какиш Рыскулова көз жумду. Рыскулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 28-августта саат 10:00дө Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болоорун Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы маалымдады.
Эмгек сиңирген дарыгер, медицина илимдеринин доктору Какиш Рыскулова 1918-жылы 15-октябрда Кант шаарынын Четинди айылында төрөлгөн. Ал атасынан эрте ажырап, коомдук ишмер Ишеналы Арабаевдин колунда тарбияланган. Рыскулова 1944-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Ал узак жылдар бою медицина тармагында үзүрлүү эмгектенген. Ошондой эле коомдук-саясий иштерге жигердүү аралашып, үч жолу Кыргыз ССРнин Жогорку Советине депутат болуп шайланган. (TSh)