Навальный кайрадан камакта
Москванын Тверь соту Алексей Навальныйды 30 суткага камоону чечти. Оппозициячыл саясатчы ушуну менен быйыл эле экинчи административдик абак жазасын өтөгөнү турат.
Биринчи жолу майда Навальный "Ал бизге падыша эмес!" деген акцияны уюштурганы үчүн камалган. Бул ирет андан мурда, 28-январдагы каршылык акциясы үчүн "коомдук иш-чараны өткөрүү тартибин кайра бузууга" байланыштуу айыпталды.
Сот Навальныйдын адвокатына ишке камтылган 219 бет текст жана 5 дисктеги видео менен таанышууга жарым саат гана убакыт берди. Андан тышкары, оппозициячыны кармап келген, протоколду туура эмес толтурган полиция кызматкерлерин сотко чакыруу тууралуу өтүнүчтү четке какты.