"Журналисттин ыйманы болушу керек"
Интернетке жалган маалыматтар жайылып, социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары кабарчыга айланган доордо салттуу журналистиканын ролу кандай болушу керек? Эл аралык коммуникация биримдигинин Прагада апта башында жыйынтыкталган конференциясында дал ушундай суроолор талкууланды. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы медианы изилдеген окумуштуулардын, университет мугалимдеринин башын бириктирген бул жыйынга Кыргызстандын атынан Бишкек гуманитардык университетинин Журналистика жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканы Алтын Асанова, Борбор Азиядагы Америка университетинин Журналистика факультетинин бөлүм башчысы Элира Турдубаева да катышышты. Кабарчыбыз Кубат Касымбеков журналистиканы окуткан бул мугалимдерди маекке тартып, медиа айдыңындагы соңку тенденциялар, көйгөйлөр тууралуу сүйлөштү.