Сауд Арабиясы Ирандын бузулуп калган танкерин куткарды
Сауд Арабиясынын бийлиги Кызыл деңизде мунай алып баратып бузулуп калган ирандык кемени куткарганын кабарлады.
2-майда таратылган расмий маалыматка ылайык, Жидда шаарынан 70 чакырым аралыкта бараткан кеменин кыймылдаткычы иштебей, башкарылбай калганы тууралуу ыкчам кабар келип түшкөн. Танкерде 26 деңиз кызматкери бара жаткан, анын 24ү Ирандын, экөө Бангладештин жарандары болгон. Сауд Арабиясы алар коопсуз жерде экенин кабарлады.
Ирандын мамлекеттик каражаттары бул боюнча маалымат тарата элек.
Шииттер башкарган Иран менен Сауд Арабиясынын суннит жетекчилиги Жакынкы Чыгыштагы таасир талаш үчүн көптөн бери атаандашып келет. Эки өлкөнүн ортосунда 2016-жылдан бери дипломатиялык мамиле жок.