Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Май
2019

Новости за 12.05.2019

Түрк элчисине окшош адам муфтиятка таарынган видео тарады

Azattyk.org 

Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси Женгиз Камил Фыратка түспөлдөш адам Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына нааразы болгон видеосу Интернетке тарады. Видеодо Бишкектеги ресторандардын биринин алдында ал "ресторанга ооз ачуу үчүн кирбейм" деп айтып жатканы тартылган. Элчиге окшош киши: “Эмне үчүн мени террорчу Орхан Инанды менен кошо чакырдыңар? Ушундай да болобу? Биздин мамлекет силерге 35 миллион доллардык мечит салып берсе, бизге жасаган мамилеңер ушулбу? Мындан ары муфтият жөнүндө уккум да келбейт”... Читать дальше...



Польшада улутчулдар АКШнын элчилигинин алдында митинг өткөрүштү

Azattyk.org 

Миңдеген улутчулдар Варшавадагы элчиликтин алдында чыгып, Холокост маалында менчигинен ажыраган жөөттөрдүн үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүү тууралуу АКШнын мыйзамына нааразычылыгын билдиришти. Демонстранттар АКШ Польшанын ишине кийлигишүүгө укугу болбогонун айтышты. Демонстранттар «Мындан ары Польшанын милдеттенмелери жок» жана «Холокосттун чөөлөрү» деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп турушту. Митинг Польшада, Борбордук жана Чыгыш Европанын башка өлкөлөрүндө антисемиттик билдирүүлөр күчөгөн учурда өтүп жатат. Читать дальше...

Түрк бийлигин сындаган журналист сабалды

Azattyk.org 

Журналист Явуз Селим Демираг ток-шоуга катышып, үйүнө келатканда аны 5-6 киши ур-токмокко алып, качып кетишкен. “Yenicag” гезитинин баяндамачысы Демираг Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын бийлигин сындаган макалалары менен белгилүү. Демираг оппозициячыл Элдик-республикалык партияны колдойт. Бул партиянын талапкери Экрем Имамоглу 31-мартта Стамбулдун мэри болуп шайланган болчу. Бирок Түркиядагы Жогорку шайлоо комиссиясы Стамбулдун мэрин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Элдик-республикалык... Читать дальше...

Литвада президенттик шайлоо өтүүдө

Azattyk.org 

Литвада өтүп жаткан шайлоодо президенттик кызмат үчүн тогуз талапкер ат салышууда. НАТОго жана Евробиримдикке мүчө болгон бул өлкөнү он жыл бою Даля Грибаускайте башкарып келди. Эгерде талапкерлердин бири да добуштардын 50 пайызын албаса, 26-майда шайлоонун экинчи айлампасы өтөт. Коомдук сурамжылоонун жыйынтыктарына ылайык, шайлоочулар үч талапкерди көбүрөөк колдошууда. Алар: мурдагы финансы министри Ингрида Шимоните, премьер-министр Саулюс Сквернялис жана мурдагы экономист Гитанас Наусед. ... Читать дальше...

Пакистандын Гвадар шаарында согушкерлер мейманканага кол салышты

Azattyk.org 

11-майда “Pearl Continental” мейманканасына кол салууда коопсуздук кызматкерлери бери дегенде үч согушкерди өлтүрдү. Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүн “Белужистандын куткаруу армиясы” деп атаган согушкерлер алды. Пакистандын премьер-министри Имран Хан Гвадар шаарындагы мейманканага кол салууну сынга алды. “Өзгөчө Белужистанда мындай кол салуулар биздин экономикалык долбоорлорду үзгүлтүккө учуратуу аракети болуп саналат. Биз буга жол бербейбиз”, - деп айтты Имран Хан. Согушкерлер мейманканага кирип барганда эле күзөтчүнү өлтүрүшкөн. Читать дальше...



Таласта үч жарым ай мурун жоголгон кенчинин сөөгү табылды

Azattyk.org 

Таласта 31-январдан бери изделип жаткан кенчи Рамис Төтөновдун сөөгү 11-майда табылды. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдиргендей, аны жергиликтүү тургун жайлоодо бадалдардын арасынан көрүп калган.  - Баштапкы кароо жүргүзүү учурунда ага зордук-зомбулук колдонулганы байкалган жок. Бир туугандары аны таанып, сөөктү алып кетишти, - деди ал.   Рамис Төтөновдун дайынсыз жоголгонуна байланыштуу, быйыл 14-мартта Бакай-Ата районундагы Биринчи Май айылынын элүүгө... Читать дальше...

Жалал-Абаддагы өрттүн кесепети

Azattyk.org 

Жалал-Абаддагы мунай базасында чыккан өрттө эки цистернадагы болжол менен 3 миң куб метр мунай күйүп кеткени айтылууда.

Гаванада ЛГБТ укуктарын коргоп чыккан үч активист камакка алынды

Azattyk.org 

12-майда Кубанын ордо калаасында кумсалардын укуктарын коргогон жүзгө чукул адам уруксат берилбеген жүрүшкө чыгышкан. Полиция парадды токтотуп, үч активистти камакка алды. Демонстранттар өкмөттүн гомофобияга каршы парадды өткөрүүгө тыюу салганына нааразылыгын билдирип чыгышкан. Параддын катышуучулары Гаванадагы негизги бульварлардын бирине баратканда аларды көп сандагы полиция жана коопсуздук күчтөрү токтотушкан.

Мьянмада жүргүнчү ташыган учак авариялык абалда конду (видео)

Azattyk.org 

Мьянмада жүргүнчү ташыган учак авариялык абалда Мандалай шаарынын аэропортуна конду. «Embrear-190» үлгүсүндөгү учактын алдыңкы дөңгөлөгү иштебей калган. Бортто 82 жүргүнчү менен экипаждын жети мүчөсү бар болчу, эч ким жабыркаган жок.  Авариялык абалда конгон учак тартылган видео окуядан көп өтпөй эле, 12-майда Интернетке жүктөлдү.  Маалыматтарга караганда, Янгон шаарынан Мандалайга жөнөгөн учактын алдыңкы дөңгөлөгү иштебей калганын учкуч диспетчерге алдын-ала маалымдаган. Арткы дөңгөлөгү менен конгон учактын тумшугу жер чийип... Читать дальше...

Каржы тармагында иштегендердин орточо айлыгы 36,5 миң сомду түздү

Azattyk.org 

Кыргызстанда каржы тармагында иштегендердин орточо айлык акысы 36,5 миң сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 5 пайызга жакын өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 10-майдагы маалыматында айтылат.  Мамлекетте ушул тапта 25 коммерциялык банк иштейт. 2018-жылы алардын кирешеси 27 миллиард сомду, чыгымы 24 миллиард сомду түздү. Пайданын көлөмү бир жылда 38 пайызга өскөн. 25 банктын үчөө 0,5 пайыз зыянга учураган.  Банктардагы насыя портфели 2018-жылдын соңунда 127,9 миллиард сомго барабар болгон. Читать дальше...

Доренко менен коштошуу зыйнаты башка күнгө жылдырылды

Azattyk.org 

Москвада 9-майда көз жумган журналист Сергей Доренкону акыркы сапарга узатуу зыйнаты 12-майда болбой калды. Полиция кошумча экспертизалар жүргүзүү зарыл экенин билдирип, маркумдун денесин көмүүгө уруксат бербегенин «Говорит Москва» радиосу кабарлады. Доренко аталган радиодо башкы редактор болчу. Коштошуу зыйнаты Москвадагы Троекуровск мүрзөсүндө болмок. Күн мурда өлүкканага милициядан билдирүү келип, кошумча соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү зарыл экендиги эскертилген. «Говорит Москва» радиосунун маалыматына караганда... Читать дальше...

13-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

13-майда Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27, Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26, Баткен облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32, Ош... Читать дальше...

Ростовдо газ кууру жарылып эки адам көз жумду

Azattyk.org 

Орусиянын Ростов облусундагы Чистоозерный айылындагы үйдө газ кууру жарылып, эки адам көз жумду. Бири - наристе. Дагы эки киши жабыркады.  «Свобода» радиосу 12-майда кабарлагандай, кырсык эки кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде болду. Жети батир олуттуу, үчөө орточо зыян тартты. 16 тургун эвакуацияланды. Этиятсыздыктан өлүмгө себеп болгонуна байланыштуу кылмыш иши козголду.  Быйыл январда Ростов облусундагы Шахта шаарындагы тогуз кабаттуу үйдө да газ жарылып, беш адам өлгөн.  2018-жылдын 31-декабрында... Читать дальше...

«Кыргыз тарыхынын тамыры тереңдеди»

Azattyk.org 

Кытай окумуштуулары байыркы кыргыз тарыхына байланышкан дүйнөлүк илимпоздордун эмгектерин жыйнап, аларды доорлор боюнча иреттеп чыгарууга киришти.


Музыкальные новости
Концерт

Концерт в честь 90-летия Евгения Крылатова





Rss.plus
Александр Бастрыкин

Бастрыкин вмешался в расследование дела о нападении детей мигрантов на 7-летнего мальчика




Экс-главе красноярского фонда капремонта грозит 15 лет за взятку

УФАС Подмосковья выявило сговор в сфере дорожно-строительного комплекса

Третий этап шахматного турнира завершился в Егорьевске

Ефимов: набережную Южного порта в Москве расширят в 1,5 раза




Келечектеги калкыма калаа

Azattyk.org 

Зыяндуу микробдорду күм-жам кылчу технология. Калкыма калаа - келечектин шаары. Дүйнө калкынын маанайы чөгүп баратат. Алтын Ордо дооруна таандык астынан жылытылчу кыш керебет табылды.

Өзбекстанда Салихтин китебин сактаган журналисттин үйү тинтилди

Azattyk.org 

Өзбекстандын Хорезм облусунда коопсуздук органдарынын кызматкерлери акын жана журналист Махмуд Ражабдын үйүн тинтүүгө алышты. Гурлан районунда жашаган 55 жаштагы Махмуд Ражаб бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматына айтып, күч кызматкерлери 10-май күнү анын үйүн эки саат тинтип, ноутбугун, смартфонун, Мухаммед Салих жазган «Пайгамбарлар тарыхы», маркум Айдин Салихтин «Чыныгы медицина» деген китептерин алып кетишкенин айтты. Хорезм облустук ички иштер башкармалыгы комментарий бергген жок.  ... Читать дальше...

Таласта маданият майрамы өттү

Azattyk.org 

Талас шаарында 11-майда "Маданият сенден башталат" деп аталган балдардын искусство фестивалы өттү. Борбордук аянтка 19 боз үй, 30га чукул чатыр тигилип, адистер алардын ичинде кол өнөрчүлүк, шахмат, сүрөт тартуу өңдүү өнөрүн башкаларга үйрөтүштү.

"Жазира энесин сыздатып Сирияга кетти..."

Azattyk.org 

Жеке диний ишениминин негизинде Сирияга кеткен Казакстандагы бир үй-бүлө жана ага кайгырган эненин ызасы. Соңку жылдары бул өлкөдөн согуш жүрүп жаткан аймакка кеткендер арбыган. Ушул жылдын 7-9-май күндөрү казак өкмөтү Сириядан 231 жаранын эвакуациялады.



Москва

Роботы-курьеры «Яндекса» будут доставлять заказы в ещё нескольких районах Москвы


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Концерт

Концерт в честь 90-летия Евгения Крылатова пройдёт в Кремлёвском дворце




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Псковичи стали призерами соревнований по вольтижировке в Москве

Заммэра Москвы Ефимов: набережная в Южном порту увеличится в 1,5 раза

Гепарды – новые персонажи мультсериала «Команда МАТЧ»


Андрей Рублёв

Рублёв в трёх сетах обыграл Маркоса Гирона и вышел в третий круг «Мастерса» в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Новые городские проекты в сотрудничестве с парком Юрия Лужкова готовит Фонд Юрия Лужкова



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России