Саакашвили: Өч алуу үчүн келген жокмун
Грузиянын мурдагы президенти, Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвилинин партиясы парламенттик шайлоого катышат. Саакашвили бүгүн Киевге учуп келди.
Грузиянын мурдагы президенти, Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвилинин партиясы парламенттик шайлоого катышат. Саакашвили бүгүн Киевге учуп келди.
Казакстанда президенттикке талапкерлердин теледебаттары болду. Бирок ага учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев өзү катышкан жок.
Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили 29-майда Украинага кайтып келди. Аны түмөндөгөн адамдар «Миша!» деп ураан чакырып тосуп алды. Алдыңкы күнү Украинанын президенти Володимир Зеленский Саакашвилиге украин жарандыгын кайтарган буйрукка кол койгон. Мамлекеттик чек ара кызматы болсо Одесса облусунун экс-губернаторунун өлкөгө киришине тоскоолдук болбой турганын айткан. Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко Саакашвилиге 2015-жылдын 30-майында жарандык берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. Читать дальше...
АКШда атайын прокурор Роберт Мюллер Орусиядагы президенттик шайлоого ыктымал аралашуусун иликтеген докладын жарыялагандан кийин алгачкы жолу коомчулук алдында сүйлөп, президент Дональд Трампка айып тагуу анын ыйгарым укуктарына кирбегенин билдирди. Министрликтин көп жылдык практикасына ылайык, президентти кызматта турган чакта кылмышка айыптоо болбойт. "Айыптоону коомчулуктан жашырса да, бул – Конституцияга каршы келет", - деди Мюллер 29-майда Юстиция министрлигинде сүйлөгөн кезде. Ошол эле маалда прокурор "президент күнөөсүз деп ишенсем... Читать дальше...
146 просмотров всего, 146 просмотров сегодня
Бишкекте мектеп окуучусу ур-токмоктон каза тапты. Анын сөөгүн жакындары 29-майда республикалык өлүкканадан алып кетип, жерге беришти. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.
Казакстанда президенттикке талапкерлердин теледебаттары болду. “Хабар” мамлекеттик телеканалы түз тартуулаган эрөөлгө беш талапкер жана эки талапкердин ишенимдүү адамдары катышты. Утурумдук президент Касым-Жомарт Токаевдин ордуна дебатка республикалык штабдын жетекчиси Маулен Ашимбаев чыкты. Бул көрүнүш сын сөздөрдү көбөйтүшү мүмкүн. Өкмөттүн оппоненттери "шайлоо ансыз да эркин жана калыс өтпөйт, шайлоодо Токаев утат" деп айтып келатышат. Эрөөлдүн жуп алдында президенттин жардамчысы Эрлан Карин... Читать дальше...
НАТОнун бейпилдик күчтөрү жана Белград Сербия өкмөтү Косово полициясынын шектүү уюшулган кылмыштуу топторго каршы рейди тууралуу кабардар болуп-болбогону боюнча кайым айтышты. НАТО баштаган Косово күчтөрүнүн (KFOR) басма сөз катчысы Винченцо Грассо “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысына билдиргендей, шейшембиде жүргүзүлгөн рейд учурунда Приштина бийлиги, бейпилдик күчтөрү, эл аралык коомчулук өкүлдөрү жана серб аскерлери ортосунда такай байланыш болуп турган. Косовонун негизинен сербдер... Читать дальше...
Ошто касапкана ээлери иш ташташты. Алар буга акыркы убакта коюлуп жаткан талаптар негизсиз жана оор экенин жүйө келтиришүүдө.
Баку Европа лигасынын финалын кабыл алууга даярданууда. 29-майда кечинде Азербайжан башкалаасында англиялык «Челси» жана «Арсенал» клубдары беттешмекчи. УЕФАнын дал ошол шаарды тандашы көптөгөн суроолорду жаратууда. Англиялык ышкыбоздор Бакудагы олимпиадалык стадиондогу маанай чыныгы футболдук, алар көнгөндөй болбойт деп азыртадан эле нааразы. Анткени 70 миң орундуу аренага 6 миңдей эле билет сатылды. Андан тышкары «Арсеналдын» алдыңкы оюнчусу армениялык Генрих Мхитарян талаага чыкпайт. Азербайжан менен Армениянын ортосундагы талаш-тартыш... Читать дальше...
Дүйнө чемпионатынын бири Анталияда, экинчиси Румынияда өткөн.
Кытайлык “Huawei” компаниясы Вашингтондун чечимине байланыштуу үн катты. Ооган президентинин кеңсесинде иштегендер аялдардан кызмат үчүн “төшөк мамилесин” талап кылганы кабарланды. Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Евразия экономикалык кеңешинин "ардактуу төрагасына" айланды.
Кыргызстандагы көп тираждуу «Супер инфо» гезити менен эң окумдуу Super.kg порталынын юридикалык кожоюндары алмашканы маалым болду.
29-майда Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) беш жылдыгы Казакстандын борборунда белгиленип жатат.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси май айынын башында Бириккен Араб Эмираттарына таандык акваториядагы мунай танкерлерине жасалган чабуулдун артында Иран турары «дээрлик анык» деп билдирди. Жон Болтон мындай оюн 29-майда Абу-Дабиде журналисттерге айтты. 12-майда Оман деңизинде төрт кеме, анын ичинде Саудиянын эки мунай танкери «диверсиялык чабуулга» кабылганы кабарланган. Курамына Америка да кирген беш өлкөнүн эксперттеринен турган топ бул окуяны иликтеп жатат. Ак үйдүн улуттук... Читать дальше...
Франциядагы укук коргоочу топтордун бири Эр-Рияддын Йемендеги кылмыштарына нааразычылык көрсөтүү максатында өлкөнүн түштүгүндөгү портко токтогон Сауд Аравиянын кемесине курал-жарак жүктөөсүнө тоскоолдук жаратууга аракет кылууда.
Бишкектин район аралык соту жаңы үлгүдөгү паспорттун бланктарын даярдоо боюнча тендердик комиссиянын чечимин жараксыз деп тапты. Бул тууралуу 29-майда «Азаттыкка» сотко доо арыз менен кайрылган германиялык «Мүлбауэр» компаниясынын өкүлү Азамат Бекенов билдирди: - Район аралык соттун чечими бүгүн чыкты. Мамкаттоонун 1-февралдагы жана Мекеме аралык комиссиянын 21-февралдагы чечимдери толугу менен четке кагылды. Сот органдары жана Мамкаттоо кызматы бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.... Читать дальше...
Ганибет жана Эркин - ага-карындаш. Бир туугандар ынтымакта, бирин-бири сыйлап, камкордук көрүп жашап келишкен. Бирок Эркин адаттан тыш диний багыттарга берилип кеткенден кийин баары түп-тамырынан өзгөрүп, ортодогу байланыш таптакыр үзүлгөн.
«Тажикфильм» киностудиясы блогерлердин чыгармачылыгын көзөмөлгө алуу үчүн «Youtube» поталына кат жазды. Бул катта «Тажикфильм» уруксат бермейинче видеотасмаларды жарыялабоону өтүндү. Портал бул катка азырынча жооп кайтара элек. «Тажикфильмдин» жетекчилиги «Ютубга» чыккан жүздөгөн сапатсыз кыскаметраждуу, көркөм тасмалар жана видеороликтер киностудиянын эн белгиси менен жарыяланып жатканына нааразы болду. Бирок блогерлер мындай көзөмөлгө караманча каршы чыгышты. Алардын пикири боюнча, «Тажикфильм»... Читать дальше...
Сириянын Хама провинциясындагы “ак каскачандарга” таандык ооруканада табылган медициналык жабдыктар Германияда жасалганы белгилүу болду.
Кытайлык «Huawei» компаниясы АКШнын өкмөтүнө каршы март айында берген доосун тез арада кароону Кошмо Штаттардын сотунан өтүндү.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйылкы Орозо айт майрамы качан белгиленерин билдирди. Муфтияттын маалыматына караганда, ислам шариатында Орозо айынын башталышы жана аякташы жаңы чыккан Айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде муфтият 5-июнь шаршембини Орозо айт майрамы деп белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков 29-майда Казакстандын Нур-Султан шаарында жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кеңири курамдагы жыйынында сүйлөдү. Ал кийинки убакта бажы төлөмдөрүн жаап-жашыруу боюнча Кыргызстандын дарегине сын-пикирлер көбөйгөнүн айтты жана «үч катар» бажы көзөмөлүн киргизүүнү сунуш кылды. Ошондой эле Жээнбеков Кыргызстан биримдиктин тышкы чек арасында бажы көзөмөлүнүн ачык-айкын жана калыс өткөрүлүшүнө кызыкчылыгы бар экенин билдирди. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Читать дальше...
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевге Евразия жогорку экономикалык кеңешинин «ардактуу төрагасы» деген макам ыйгарылды. Орус президенти Владимир Путин ушундай демилге көтөрүп, аны кеңештин башка мүчөлөрү да колдошту. Бул тууралуу казак президенти Касым-Жомарт Токаев 29-майда Евразия экономикалык кеңешинин Нур-Султан шаарындагы саммитинде билдирип, бул наам Назарбаевге «чөлкөмдөгү интеграцияга кошкон салымы үчүн» берилгенин кошумчалады. Президенттиктен кетсе да, «элбашы» макамын сактап... Читать дальше...
Түркиянын мыйзамына ылайык, жардамга муктаж жарандар жергиликтүү бийликтин уруксаты менен гана элден каражат чогултуп, акчалай көмөк ала алышат. Бул мыйзамды бузгандар 117 доллардын тегерегинде айыппул төлөөгө милдеттүү.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости