Жарандыгы талаш жараткан Десятников депутаттын жардамчысы болуп иштеп жатат
Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты, орус жарандыгы бар экени айтылган Павел Десятников депутат Жумабек Салымбековдун жардамчысы катары иштеп жатат. Ал быйыл 4-апрелде мандатын тапшырган. Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы Десятников саламаттыгына байланыштуу арыз жазганын билдирген. Шаардык кеңештин басма сөз катчысы Мээрим Керимканова "Азаттыкка" билдиргендей, анын орус жарандыгы бар экени тууралуу маалымат такталган эмес. - Биздин депутаттар айлык албай иштешет. Жардамчыларын да өздөрү каржылап, иштетишет. Читать дальше...