669 просмотров всего, 669 просмотров сегодня
18 просмотров всего, 18 просмотров сегодня
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф АКШ президенти Дональд Трамптын эскертүүсүн четке кагып, аны Тегеранды коркутпоого чакырды. "Агрессорлор эбак кетсе да ирандыктар миң жылдардан бери эр жүрөктүк менен бекем турат. Экономикалык террорчулук жана геноцид сымал шылдыңдоолор Ирандын "күнүн бүткөрө албайт". Иран жаранын коркутпагыла. Сыйлаганга аракет кылгыла, ал иштейт!", - деп жазды Зариф 20-майда "Твиттердеги" барагына. Анын алдында президент Трамп Иранга жаңы эскертүү берип, ортодо жаңжал чыга турган болсо... Читать дальше...
Ишкерлик аялга каржылык көз карандысыздык берет деп жүрөбүз. Бирок өз ишин баштоодо аялдар кандай тобокелдикке барып, кандай тоскоолдуктарга кабылат? Эмне үчүн мамлекет аялдардын ишкерлигин колдоого албайт? Ишкерликти эми гана баштаган аялдар үчүн кандай окуулар бар? "Эже-сиңдилер” берүүсүндө бул жолу ишкерликти жаңы баштаган аялдар жана бул багыттагы тоскоолдуктар тууралуу баарлаштык.
Украинанын премьер-министри Владимир Гройсман иштен кетерин жарыялады. Ал өкмөттүн 22-майдагы жыйынында кызматын тапшырып берерин дүйшөмбүдөгү телекайрылуусунда айтты. Мурдагы президент Петро Порошенконун саясий биримдигинин мүчөсү болгон Гройсман кийинки парламенттик шайлоого катыша турганын белгиледи. Анын алдында ант берип, расмий түрдө президенттик кызматка киришкен Владимир Зеленский Жогорку Раданы таркатаарын, эки айдын ичинде чукул шайлоо өтөөрүн билдирген. Ал инаугурациялык сөзүндө бир... Читать дальше...
2011-жылдан бери көрсөтүлүп, дүйнөлүк феноменге айланган «Так талаш» (Game of Thrones) телесериалы соңуна чыгып, ал социалдык тармактардагы көрөрмандарын экиге бөлдү. Сериалдагы окуялар ойдон чыгарылганы менен, тасмадагы саясий оюндар жана тирештер көпчүлүк үчүн тааныштай сезилет.
Тажикстандын Ички иштер министрлиги Вахдат түрмөсүндө жазасын өтөп жатып, 19-майдын кечинде чыккан тополоңдо каза тапкан 29 кишинин тизмесин жарыялады. Министрликтин дүйшөмбү күнү жарыяланган билдирүүсүндө түрмөдө жок кылынгандардын кеминде 17си "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мүчөлөрү деп мүнөздөлгөн. Дагы беш киши Тажикстанда тыюу салынган оппозициядагы Ислам кайра жаралуу партиясынын өкүлдөрү катары көрсөтүлгөн. Азырынча бул тизмени көз карандысыз булактар ырасташа элек. Расмий маалыматка ылайык... Читать дальше...
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн сот тармагында радикалдуу реформа жүргүзүүгө чакырды. Ал өзүн бийликке алып келген бир жыл мурунку революциянын "экинчи баскычы" башталып жатканын 20-майдагы конференцияда айтты. Пашинян армия кызматкерлери, сот өкүлдөрү жана бир катар саясатчылар катышкан бул иш-чарада Армениянын сот системасы мурдагы "коррупциялашкан өкмөттүн" чеңгээлинде калганын белгиледи. Ишемби күнү Еревандагы сот "2008-жылы демонстранттарга күч колдонууга буйрук берген"... Читать дальше...
Иш-чара азербайжан элинин белгилүү акыны Имадеддин Насиминин 650 жылдыгына карата уюштурулууда. Түрк тилдүү акындардын поэзия кечеси Ош шаарындагы Кыргыз-өзбек университетинде өтүп жатат. Анда Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Македония, Казакстан, Якутия, Башкырстан жана Кыргызстандын акындары ыр окуп, чыгармачылык жолдору менен бөлүшүүдө. Акындарды ТҮРКСОЙдун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Култегин коштоп жүрөт. Иш-чаранын алкагында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Дюсен Касеинов баштаган... Читать дальше...
12 күндөн бери эс-учун жоготкон абалда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан эки жаштагы кыз чарчап калды. Бул тууралуу аталган ооруканадан “Азаттык” радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, оор абалда ооруканага түшкөн наристе өзүнө келген эмес. 7-май күнү кечинде “Тез жардам” кызматы Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынан эки жашар кызды оор абалда облустук клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алып келген. Дарыгерлер кыздын денесинде көгала тактар бар экенин айтышып... Читать дальше...
Ирандын ТИМ башчысы Трамптын Твиттердеги Иранды коркуткан акыркы билдирүүсүн четке кагып, Александр Македонский, Чынгызхан жана башка агрессорлор Иранды жок кыла алган эмес, Трамп дагы жок кыла албайт деп Твиттердеги баракчасына жазды.
Анкара динаятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылы менен кызматташкан деген шек менен тышкы иштер министрлигинин 249 кызматкерин камакка алууга ордер берди.
Прокуратура Биринчи май райондук сотунун “улут аралык кастыкты козутту” деп шек саналып жаткан окутуучусу Темир Болотбекти актаган өкүмгө байланыштуу шаардык сотко даттанды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, апелляциялык арыз 16-майда берилген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбекке карата 2018-жылы 1-мартта “улут... Читать дальше...
Кыргызстанда «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүү иштери башталганы кабарланды. Бирок бул милдетти өзүнө алган «Мегаком» компаниясы «КТ-Мобайл» ишканасынын жетекчилери кызматтан кеткендиктен азырынча жылыш жок экенин билдирүүдө.
Тажикстандагы колонияда чыккан тополоңдо каза тапкандардын саны 32ге жетти. Украинада жаңы президент Владимир Зеленский ант берип, кызматка расмий киришти. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян "революциянын экинчи жана эң башкы баскычы” башталганын жарыялады.
“Ачык өкмөт” улуттук форумунун кызматтан кеткен катчысы Иманкадыр Рысалиев быйыл январдан тарта маяна албай иштеген. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 20-майда "Ачык өкмөт" улуттук форумунун кезектеги жыйынында "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып билдирди. - Ал кишиден кандайдыр бир кемчиликтер табылганы айтылган жок да. Аны тууганы (Ред: премьер-министрдин) болгону үчүн, эмнеге кызматка коюлду деген маселе козголду. Ошондуктан резонанс жаратты. Ал өз арызында "Ачык өкмөт" идеясы дискредитация болбосун... Читать дальше...
Москвада «Күнөстүү Кыргызстан Ысык-Көл 2019» туристтик форуму өтүп жатат. Иш-чара Москвада иштеген жердештердин «Ысык-Көл» коому тарабынан уюштурулган. Москвадагы «Ысык-Көл» коомунун төрагасы Акбар Маразыковдун белгилешинче, бул Орусияда иштеген мигранттардын Кыргызстандагы облус жетекчилери - жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланыш түзүп, мигранттардын аймактарды өнүктүрүүдө салымын күчөтүү менен Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды Орусияда жайылтууга, туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында уюшулган. Читать дальше...
Эльвира Маречек. Байбиченин чоң атасы 1930-жылдары Кыргызстанда көзгө басар ишканаларды курган “Интергельпонун” уюштуруучусу Рудольф Маречек, атасы жана апасы республикада белгилүү альпинисттер.
Жалал-Абад шаарында милиция көчө бойлоп кайыр сурап жүргөн лөлү тектүү адамдардын жашаган жерин жана документтерин текшерди. Буга шаар тургундарынын кайырчыларга карата арыз-даттануулары себеп болгон. Атайын жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында 73 лөлү тектүү адам кармалды. Алардын 26сы балдар. Кармалгандар автобустар менен Ош шаарына жөнөтүлдү. Ал эми Жалал-Абадда аларга турак жай берген адамдарга чара көрүү жагы жергиликтүү бийликке тапшырылды. Орозо айы башталгандан тарта калаанын көчөлөрүнүн... Читать дальше...
Украинада жаңы президент ант берип, ишке расмий киришти. 41 жаштагы актер жана куудул Владимир Зеленский инаугурациялык сөзүндө Донбасста орусиячыл жикчилдер менен жүрүп жаткан урушту токтотууга артыкчылык берилерин айтты.
Ош шаарындагы Шакиров жана Москва көчөлөрүнүн тургундары “Манас ата” кафесин жабуу өтүнүчү менен мэрияга кайрылышты. Бул тууралуу Москва көчөсүнүн тургуну Райымбек Нурманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, арыз жазгандар кафенин кардарларынын автоунааларды коңшу жайгашкан үйлөрдүн алдына токтотуп, таштандыларды ыргытып жатканына нааразы: - Күнү-түнү түтүн, майдын жытын жыттап отурабыз. Муздаткычтарынын моторлору тынбай иштеп турат. Кыскасы, тынчтык жок. Тротуарды тосуп, шишкебек жасашат. Читать дальше...
АКШ президенти Дональд Трамп Иранга жаңы эскертүү берип, ортодо жаңжал чыга турган болсо, анда Ислам республикасынын күнү бүтөөрүн билдирди. "Эгер Иран согушкусу келсе, ал расмий түрдө Ирандын күнү бүткөнү болуп калат. Мындан ары АКШны эч качан коркутпагыла",-деп жазды Трамп 20-майда "Твиттердеги" барагына. Анын алдында Кошмо Штаттардын чөлкөмдөгү өнөктөшү саналган Сауд Арабиясы да Тегерандын болжолдуу чагымчыл аракеттерине "болгон күчү менен" жооп кайтарарын эскерткен. Вашингтон менен Эр-Рияддын... Читать дальше...
Таласта жол боюна тигилген төрт жарым миллион сомдук туя-арчалары куурап калды. Кыргыз-тажик чек арасында 27 жыл мурда түптөлгөн Максат айылынын азыркы абалы. Үйүндө гүлдүн эки жүз түрүн өстүргөн гидротехник. Кыргыз уулу үчүн жан үрөп жашаган түрк эне. Кыргыздын улуттук суусундуктарын алгач ирет даамдаган чет элдик дипломаттардын реакциясы.
Бишкек-Ош жолунун 97-чакырымында 20-майдын таңында болгон жол кырсыгынан эки аскер кызматкеринин өмүрү кыйылды. Алардын бири Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын полковниги, экинчиси запастагы полковник экени айтылды. Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, маркумдардын бири "Мазда" үлгүсүндөгү машинени башкарып келе жаткан. Кырсыкка анын уктап кетип, рулду башкара албай жол четинде токтоп турган жүк ташуучу автоунаага урунганы себеп болгон деген версия бар. Автоунаа Бишкекти көздөй келе жаткан. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости