АКШда башкы прокурор Өкүлдөр палатасына көрсөтмө берүүгө келген жок
АКШнын башкы прокурору Уильям Барр 2-майда Өкүлдөр палатасынын Юридикалык комитетиндеги атайын прокурор Роберт Мюллердин баяндамасын талкуулай турган жыйынга келбей койду.
«Reuters» агенттигинин жазганы боюнча, комитеттин төрагасы Жерролд Надлер Баррды Конгрессти урматтабаганы үчүн жоопкерчиликке тартууга мажбур болорун билдирди. Надлер Мюллердин отчетунун толук текстин Конгресске берүүнү дагы бир жолу талап кылды.
Жерролд Надлер 1-майда журналисттер менен болгон маегинде Барр баяндамадагы «орусиялыктар тууралуу иликтөөнүн» жыйынтыгы боюнча демократтардын суроолоруна жооп берүүдөн коркуп жатышы мүмкүн деп божомолдогон.
Ал башкы прокурор буга чейин «түз жүрбөгөнү» үчүн көрсөтмө берүүдөн качып жатат деп эсептейт.
Өкүлдөр палатасындагы башка бир депутат Хаким Жеффрис башкы прокурор такыр эле келбей койсо, аны чакыруу берип алдырууга мажбур болуша тургандыгын айтты. «Ал азыр келбей коюшу мүмкүн, бирок бекине албайт» деди Жеффрис.
Буга чейин башкы прокурор жетектеген Юстиция министрлиги да Юридикалык комитеттин Роберт Мюллердин отчетунун толук текстин берүү боюнча талабын да аткарган эмес.
Башкы прокурор Уильям Барр 18-апрелде Конгресске жана коомго атайын прокурор Роберт Мюллердин отчетунун редакцияланган версиясын жарыялаган.
Ал иликтөөнүн алкагында президент Дональд Трамптын жана анын шайлоо штабынын мүчөлөрүнүн орустар менен байланышта болгону ырасталбаганын билдирген.
Мындан тышкары башкы прокурор Мюллердин баяндамасында Орусиянын шайлоого кийлигишкени боюнча иликтөөлөрдүн алкагында Трамптын сот адилеттигине тоскоолдук кылуу аракети тууралуу эч кандай далилдер жок экенин кошумчалаган.
Ошол эле кезде Барр Мюллер жүргүзгөн иликтөөдө 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого Орусиянын өз алдынча кийлишүүгө аракет кылганы, буга далилдер бар экенин айткан.
Конгресстеги демократтар Баррдан Мюллерден редакцияланган отчетун эмес, 400 барактан турган толук баяндамасын берүүнү талап кылып жатат.