Амиржан Косанов Казакстандын президенттигине талапкер болуп катталды
Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы «Улут тагдыры» кыймылынын өкүлү Амиржан Косановду президенттикке талапкер кылып каттады. Саясатчынын пайдасына 14 чөлкөмдөн 131 189 кол топтолгон. Текшерүүдөн кийин 129 582 кол жарактуу деп табылды.
Косанов кол чогултуу маалында «түрдүү чагымга, маалымат чабуулдарына туш болгонун» билдирди. 54 жаштагы саясатчы жетинчи жана акыркы талапкер болуп катталды.
Кандидаттардын бири, бийликтеги «Нур Отан» партиясынын өкүлү, учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев 9-июнга белгиленген кезексиз шайлоо «ачык жана калыс» өтөөрүнө буга чейин ишендирүүгө аракет кылган.
Оппозициянын айрым өкүлдөрү добуш берүүнү бойкоттой турганын билдиришкен.
1-майда Казакстандын айрым шаарларында уруксат берилбеген митингдер өтүп, анда шайлоону калыс өткөрүү жөнүндө талап коюлган. Айрым митингчилер административдик жазага тартылган.
Коңшу өлкөнү 30 жыл бою башкарган Нурсултан Назарбаев быйыл мартта кызматынан кетерин жарыялап, мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Сенаттын спикери Токаевге өткөн. Батыш байкоочулары Казакстандагы буга чейинки бир да шайлоону эл аралык стандарттарга ылайык өттү деп тааныган эмес.