Сауд Арабиясынан качкан эже-сиңди грузин паспортун алды
Саударабиялык эже-сиңди, 28 жаштагы Маха Ал-Субайе менен 25 жаштагы Вафа Ал-Субайе аны колдогондорго ыраазычылык билдиришти.
Кубанган кыздар 7-майда «Твиттерге» жарыяланган кыска видеодо грузин паспортторун көрсөтүп, Грузиядан кетип бараткандарын айтышкан, бирок кайсы мамлекет барышарын кабарлашкан жок.
"Биз Грузиядан кетип жатабыз. Биз жаңы өлкөдө жаңы жашоону баштайын деп турабыз", -деди алар. Видео грузин аба бекетинде тартылган сыяктуу.
Грузин бийлиги бул тууралуу эч кандай маалымат таратыша элек.
Грузияда камалып калганын айткан саударабиялык эже-сиңди өткөн айда социалдык тармактар аркылуу эл аралык коомчулуктан жардам сураган. Алар үй-бүлө зомбулугунан качып келатышканын, эгер Сауд Арабиясына барса өлүм жазасына тартылышарын айтышкан.
18-апрелде кыздар “Эркин Европа/Азаттык” үналгысына Грузияга Саудиянын жарандары үчүн виза режими жок болгондуктан гана келишкенин билдирген.
“Биз Грузия тууралуу эч нерсе билбейбиз. Биз бул жакка визасыз режим болгон үчүн гана келдик. Бизде башка жол калган жок” деп билдиришкен алар.
Бириккен Улуттар Уюмун кыздарга жардам берүүгө чакырган петицияга 40 миң киши кол койгон.