Таласта маданият майрамы өттү
Талас шаарында 11-майда "Маданият сенден башталат" деп аталган балдардын искусство фестивалы өттү. Борбордук аянтка 19 боз үй, 30га чукул чатыр тигилип, адистер алардын ичинде кол өнөрчүлүк, шахмат, сүрөт тартуу өңдүү өнөрүн башкаларга үйрөтүштү.