Түрк бийлигин сындаган журналист сабалды
Журналист Явуз Селим Демираг ток-шоуга катышып, үйүнө келатканда аны 5-6 киши ур-токмокко алып, качып кетишкен. “Yenicag” гезитинин баяндамачысы Демираг Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын бийлигин сындаган макалалары менен белгилүү.
Демираг оппозициячыл Элдик-республикалык партияны колдойт. Бул партиянын талапкери Экрем Имамоглу 31-мартта Стамбулдун мэри болуп шайланган болчу. Бирок Түркиядагы Жогорку шайлоо комиссиясы Стамбулдун мэрин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.
Элдик-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглу журналистке кол салууну айыптады.
“Өз пикирин айтып же бирөөнү сындаганы үчүн эле журналистти сабай берсе болобу? Түркия кайда баратат?!”.
Соңку маалыматтарга караганда, журналистти абалы дурус.