АФК кубогу: «Дордой» «Истиклолду» жеңди
Бишкектин «Дордой» клубу Азия футбол конфедерациясынын (АФК) кубогунун 4-турунда Тажикстандын чемпиону «Истиклолду» жеңди.
Беттеш 15-майда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, 2:1 эсеби менен талаа ээлеринин пайдасына аяктады. 1-таймдын 28-мүнөтүндө «Истиклолдун» оюнчусу Алишер Жалилов «Дордойдун» дарбазасына гол киргизип, эсеп ачты. 2-таймдын башында «Дордой» оюнчулары топко көбүрөөк ээлик кылып, 56-мүнөттө Вахыт Оразсахмедов бурчтан көтөрүлгөн топту башы менен атаандаштарынын дарбазасына таамай багыттап, эсепти теңеди. 77-мүнөттө «Дордой» клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев 2-голду киргизди.
Бул «Дордой» клубунун АФК кубогунун тайпалык оюндарындагы алгачкы жеңиши. Буга чейин «Дордой» Түркмөнстандын чемпиону «Алтын-Асыр» менен Бишкекте 1:1 эсебинде тең чыкса, 2-турда тажикстандык «Худжанд» командасына 3:1 эсебинде жеңилген. 1-майда Дүйшөмбү шаарында «Истиклолго» 4:1 эсебинде утулган эле.
«D» тайпасында 4-турда болгон 2-беттеште «Алтын-Асыр» командасы тажикстандык «Худжандды» 1:0 эсеби менен жеңди.
Төрт оюндун жыйынтыгы менен «Дордойдо» төрт упай чогулду.
«D» тайпасында сап башына төрт оюнда жети упай топтогон «Истиклол» келе жатат. 2-тепкичте төрт оюнда 6 упай топтогон «Алтын-Асыр» жайгашкан. Акыркы эки орунду төрттөн упай топтогон «Дордой» менен «Худжанд» ээлеп турат.
АФК кубогунун «D» тайпасындагы оюндары 26-июнда жыйынтыкталат.
«Дордой» алдыда 19-июнда Түркмөнстанда «Алтын-Асыр», 26-июнда Бишкекте «Худжанд» клубу менен беттешет. (GT)