"Регнум": Хакамаданын Ташкентте лекция окушуна тыюу салынды
Орусиялык коомдук ишмер Ирина Хакамаданын Ташкентте лекция окушуна тыюу салынды. Бул тууралуу "Регнум" маалымат агенттиги өз булактарына таянып кабарлады.
Басылманын билдиришинче, Хакамаданын 11-майдан тарта башталышы керек болгон лекциялары кеңири жарнамаланып, билеттердин баары сатылган.
«Өзбекстандын бийлиги чет өлкөлүк спикерлерден дайыма лекциясынын толук текстин талап кылат. Бирок көбүндө лекция болбойт, алар адамдар менен эч кандай текст жок эле сүйлөшүшөт», — деп билдирди агенттиктин бул окуя менен жакындан тааныш булагы.
Ирина Хакамада 1999-жылдан 2003-жылга чейин Орусия парламентинде депутат жана "Оңчул күчтөрдүн биримдиги" саясий партиясынын теңтөрайымы болгон. 2004-жылы Орусиядагы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон. 2012-жылдан 2018-жылга чейин президенттин алдындагы Жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү болгон.