Мэрия ата-энелерди бүтүрүүчүлөргө машине бербөөгө чакырды
Бишкектин мэриясы 25-майда мектепти бүтүрүүчүлөрдүн рулга отуруп, машине айдашына жол бербөөгө ата-энелерди чакырууда. Мекеменин шаршембидеги кайрылуусунда балдардын өмүрү баарынан кымбат экени айтылат.
Кыргызстанда 25-майда мектепти бүтүрүү кечелери, акыркы коңгуроо салтанаттары өтөт. Буга чейин бүтүрүүчүлөрдүн машине айдаганы, аварияга кабылган учурлары катталган.
Ушул айдын башында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева акыркы коңгуроонун көңүл ачуу жайларында белгиленишине тыюу салынганын билдирген. Министрдин чечимине ылайык, мектеп директорлоруна, класс жетекчилерге жана мугалимдерге бүтүрүүчүлөрдөн белек алууга, акыркы коңгуроо үчүн акча чогултууга тыюу салынган. Бул талапты аткарбагандар жоопко тартылары эскертилген. (NT)