Камактагы Шамил Атаханов медициналык кароодон өткөрүүнү суранууда
Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери адвокаттын чакыруусу менен 22-майда кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кармалган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун абалынан кабар алышты. Мекеменин маалыматына караганда, кызматкерлер мурдагы вице-премьер отурган Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барганда Атаханов милиция өзүн кармоодо эреже бузганын айтып, арыз жазган.
Анда Шамил Атаханов камакка алуу тууралуу токтомду болжол менен 21-майдын кечинде алганын, андан кийин эч кандай медициналык кароодон өткөрүлбөй убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирген. Кармалгандан кийин ал мурда эки жолу инфаркт болгонун белгилеп, медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү, адвокат менен жолугушууну талап кылганын, бирок ага эч ким көңүл бурбаганын билдирген.
Мындан тышкары жеңил кийимчен кармалганын, камерада төшөнчү болбогонун, туугандары ошол эле күнү жылуу кийимдерди бергени менен аларды 22-майда гана алганын кошумчалаган. Ошол эле кезде кыйноого жана катаал мамилеге туш болбогонун белгилеген.
Аталган борбор Атахановдун арызын Бишкек шаардык прокуратурасына жиберген. Бишкек шаардык милициясы жана Ички иштер министрлиги бул билдирүүгө жооп кайтара элек.
Шамил Атаханов Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча шектүү катары 21-майда камакка алынган.
Батукаевди 2013-жылы апрель айында Нарын шаардык соту «айыккыс ооруга чалдыккан» деген негизде мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим чыгарган. Кримтөбөл ошол эле күнү чартердик каттам менен Чеченстанга учуп кеткен. Анын түрмөдөн чыгышы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жөнүндө талаптардан кийин ошол кезде күч органдарын көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр Шамил Атаханов менен мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун кызматтан кеткен.
Азиз Батукаев учуп кеткен чартердик компанияга Шамил Атахановдун уулу Даниярдын тиешеси бар экени да айтылган. Бирок мурдагы вице-премьер-министр мындай маалыматтарды четке кагып келет. (NT)