Пакистан Орусия жана Кытай менен Иран-Америка тирешүүлөрү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт
Шанхай кызматташтык уюмунун ТИМ жетекчилеринин жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келген Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши сапар алдында журналисттер менен болгон маегинде жыйын алкагында Орусия жана Кытай өкүлдөрү менен Иран-Америка тирешүүлөрү тууралуу сүйлөшөрүн билдирген.